ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин V чакырылышынын III сессиясы
2013-жылдын 29-марты №3/2а
Орозбеков айылдык кеңешинин 2012-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Орозбеков айыл округунун 2012-жылгы бюджетинин аткарылышы жөнүндө Орозбеков айыл Округунун экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А. Алиевдин отчетун угуп, Орозбеков айыл Округунун 2013-жылга бюджета жөнүндө «Кыргыз Республикасынын 2013-жылга Республикалык бюджеттери жөнүндө» мыйзамдардын негизинде түзүлүп, сунушталып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Орозбеков айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл Округунун 2012-жылгы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы өзгөртүүлөрү менен 61999,1 мин сомго, чыгаша бөлүгүнун аткарылуусу 60925,2 мин сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. Орозбеков айыл Округунун 2013-жылгы бюджетинин киреше бөлүгү 42796,9 мин сом, чыгашалары боюнча жетишпестигин эске алуу менен 42796,9 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Орозбеков айыл Округунун 2013-жылгы бюджетинин жетишпестигин 10200,0 мин сом өлчөмүндө тендөөчү гранттын эсебинен толуктоо учун Кыргыз Республикасынын каржы министирлигинен суралсын.
4. Орозбеков айыл Округунун 2013-жылгы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
5. 2013-жылга Орозбеков айыл Округунун бюджетинен каржылануучу мекеме-ишканалардын жылдык бюджета № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Айыл чарбасына арналбаган жерлер үчүн алынуучу салыктарга 1,2 коэффициент, таштандыларды чыгаруу салыгы айыл Округдун ар бир кожолугу учун 50 (элуу) сом, ал эми айыл Округдун аймагында жайгашкан жеке менчик мекеме- ишканалардын жана соода туйүндөрүнүн ар бир кызматкерлери үчүн ай сайын 50 (элуу) сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. 2013-жылга Орозбеков айыл Округунун бюджетинен каржылануучу чыгымдары, анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (эмгек акы, соц фондко чегеруулор, тамак ашка сарптоолор) экинчи кезекте коммуналдык чыгымдарга жүргүзүүлөрү белгиленсин.
8. Айылдык Округдун бюджетник мекеме уюмдар тарабынан бюджеттик каражаттарды регионалдык казына болүмүнө кириштелбей туруп, сарптоого тыюу салынсын.
9. Орозбеков айылдык Округунун 2013-жылга каралган бюджети 2013-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин
Тѳрага | М. Эргешов |
|
|