Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-марты №3/2г
Орозбеков айыл Округунун экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Алиевдин, Орозбеков айыл Округунун 2013-жылга бюджета «Кыргыз Республикасынын 2013-жылга Республикалык бюджеттери жөнүндө» мыйзамдардын негизинде түзүлүп, сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү билдируүсүн угуп жана талкуулап Орозбеков айылдык кецешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл Округунун аймагындагы социалдык обьектилерди Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин үлүштүк (түрткү берүүчү) грант менен каржыланып жаткан проектилерге, «№3 Охна гимназия мектебинин спортзалын жана имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү» айыл округдун өздүк салымы катарында 84000 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. 2013-жылгы бюджеттин чыгаша бөлугүнүн ар түрдүү чыгымдар статьясына толук расчеттору менен бекитилсин.
3. Финансы экономика каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Алиевке бюджетке тийиштүүөзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
4. Кадамжай райондук аймактык каржы бөлүмүнөн жогорудагы өзгөртүүлөрдү көңүлгө алуу жагы суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орозбеков айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | М. Эргешов |
|
|