Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-сентябры №5/2
Орозбеков айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын аткаруу айылдык аймагынын уюштуруучулук иштери жөнүндөгүкүн тартибиндеги экинчи маселени карап,талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айылдык аймагындагы Ош-Исфана автожолу айылды аралап өткөндүгүнө, жолдо каттаган автомашиналар тез ылдамдыкта өтүп жаткандыгына байланыштуу, жол коопсуздугун алдын алуу максатында Орозбеков айылынын Охна участкалык оорууканасынын алдына 4 даана Охна гимназия мектебинин алдына 4 даана, С.Тешеев орто мектебинин алдына 4 даана,Кулду орто мектебинин алдына 4 даана машиналардын ылдамдыгын азайтуу учун асфальттан тосмо жана жол белгилери коюлсун
2. Айылдык аймагында уюштуруу иштерин жүргүзүү жагы айылдык аймагына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | М. Эргешов |
|
|