Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-сентябры № 7/2
Жайыт комитетине АРИС тарабынан каржыланып жаткан долбоор боюнча техника алуу үчүн өздүк салымына акча каражат кароо жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетине АРИС тарабынан каржыланып жаткан долбоор боюнча техника алуу үчүн өздүк салымына Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшкөн акча каражатынан 138138(бир жүз отуз сегиз миӊ бир жүз отуз сегиз) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуга тапшырылсын.
Төрайым | Г. Аттокурова |