Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы №51
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун 2017-жыл ичинде аткарган иштери жонундо билдирүүсүн (билдирүү тиркелет) угуп жана талкуулап айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ^
1 .Ак Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун 2017-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын
Тѳрага | А. Саматов |
|
|
Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Халмуратовдун 2017-жыл ичинде жергиликтүү маанидеги маселе боюнча аймактын жашоо турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабынан аткарылган иштери жөнүндө.
МААЛЫМАТ:
1). Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу , ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу.
а).Ак-Суу айыл аймагыны 2016-2017-жыл ичинде ЭВРО Биримдиктин колдоосу менен жергиликтүү калктын социалдык экономикалык абалын көтөрүү жана жашоо шартын жакшыртуу максатында бир топ алгылыктуу иштер жасалып жалпы 25 чакан долбоор ишке ашып 30 иш орун тузулду . Атап айтканда бардык долбоорлор конкурс негизинде тандалып алынды .
Алар Алга айылында 2 долбоор ( 2куноскана )
Жеңиш айылында 8 долбоор ( 2күноскана, 2 кичич тигүү цехи . 1 компюьтердик борбор . 1 кондитердик цех. 1 чач тарач , 1 took ферма)
Ак-Суу айылында . 11 долбоор ( 4 күнөскана , 1 жем майдалоочу цех. 1 компюьтердик борбор , 2 курулуш үчүн комплект опаловка мешалка , 1вет аптека .1 took ферма ,1 доңгөлөк жамоочу жай.)
Суу-Башы айылы боюнча 3 долбоор ( 1 күнөскана, 1 took фермасы, 1 жем майдалагыч)
Жалпы 2 млн 100 мин.
Б). Алга айылындагы эскилиги жеткен Алга ФАПтын ордуна "Катар Хайрия" кайрымдуулук фондунун колдоосу менен " Асанаабил "кайрымдуулук уюум) тарабынан жалпы суммасын 6 млн 700 мин сомдук жаңы заманбап ФАП курулуп бардык керектүү эмеректер менен камсыздалып жылуулук системасы орнотулду . Ошондой эле бардык талаптары жооп бергендиктен бүгүнкү күндө аталган ФАПтын ордуна № 29 УБДТ иштеп жатат . Бүгүнку күндө Жеңиш жана Алга айылдагы элдерди медициналык жактан теилеп жатат .
2. Муниципалдык менчикте турган социалдык обьектерди Кыргыз Республикасынын " Таза Коом " программасынын негизинде 6 орто мектепке 3 балдар бакчасына ошондой эле айыл өкмөтүнүн кеңсесине видео заманбап видео көзөмөл орнотулду .
3 .Калкты ичуучу суу жана сугат суу менен камсыздоо максатында Ак-Суу -Суу ИСКАКБсынын таза суу линиясында суунун көлөмү азайып Алга, Жеңиш айылдарынын кээ бир суу тутуктөрүндө суунун көлөмү азайгандыктан айыл өкмөтү АКТЕД уюуму менен биргеликте каптаждан резервуарга чейинки аралыкка диаметри 150 өлчөмдөгу полителен труба менен кошумча линия тартылды . Натыйжада таза суунун көлөмү кобөйүп таза суу линиясы барбаган маалаларга жана жеке үйлөргө суу киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле айыл өкмөтү тарабынан Суу-Башы айылындагы жогорку айыл участогуна 3 км жерге таза суу линиясы тартылды . Жеңиш айылынын Карав-Даван участогунун Каргалысай участогуна чейин 3 км жерге таз-а суу линиясы тартылды . Ошондой эле Ак-Суу айылынын Коргон сай мааласина сугат суу линиясы тартылды
4 . Аксуу айылынын абалы эни начар аталган 1,7 км жерге шагыл кум тошолду . Ошондой эле жеке ишкер Ш.Пирматовдун жардамы менен Алга айылынын Учкотон участогундагы жайыт жана элдердин улуш жерлерге жазгы жана кузгу талаа иштерине баруучу Тажик республикасы аркылуу барган жол туз баруу жол салынып жергиликтуу калктын эгин талааларына барууга шарт тузулду .
5 . Кыргыз Республикасынын "Таза Коом " Жаңы Доорго Кырк" кадам программасынын алкагында Ак-Суу айылынын И.Раззаков борбордук көчөсүнө жергиликтүү бюджет жанан райрндук өнүктүрүу фондунун колдоосу менен түнкү жарыктандыруу орнотулду . Түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн тендер жарыяланып натыйжада 2 ишкана катышып арзан бааны сунуштаган ишкана долбоорду ишке ашырды . жалпы суммасы 482 мин сомдук анын ичинен 322 мин жергиликтүү бюджет ,160 мин сом райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен . Мурда орнотулган түнкү жарыктандуруулар калган ички көчөлөргө орнотулду .
6. Турмуш тирчилик калдыктарын жыйноону ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу үчүн атайын жай ажыратылып мамлекттие каттоодон өткөн
7. Муниципалдык транспорттун иштесин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспроттун иштесин жөнгө салуу боюнча . Ак-Суу-Жаркыштак каттамы боюнча менчик автобуз каттайт .Ошол каттамдын ЖОЛ акысы боюнча атайын арыз менен жергиликтүү калк арыз менен кайрылышкан биз жайына барь1пэл"менен чогулуш өтүп натыйжада район боюнча эң төмөн нарк бизде экендиги аныкталып элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлду.
9 .Денетарбия жана спортту өнуктүрүү максатында даталуу к^ндөрдө айыл өмөтү тарабынан айыл аймагы боюнча жаштар арасында кичи футбол боюнча мелдеш уютуруп турду .Ошондой эле Грекорим күрөшү боюнча ССРдин спорт чебери Орозбай Телековдун атына туштук региону жана коншу Тажик Республикасынын спортчуланын катышуусунда спортакиада айыл окмотунун колдоосу менен откорулду .
8. Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча СПЛМ долбоорунун негизинде Аксуу айыл окмоту тарабынын2017-жылга 3 долбоор сунушталып .2 долбоор колдоого алынды .Алар Аксуу айылынын Жаны Абад усатогундагы кооптуу абалда турган 150 метр жерине 230 даана габион торчолорун ,Суу Башы айылындагы кооптуу абалда турган калктуу конуштун 150 мерт жерине 230 даана габион торчолору элдик ашар жолу менен толтурулду , Ошондой эле ӨКМнин Баткен областык сел жана суу ташкындарынын коргоо болуму тарабынан АкСуу айылынын сай мааласина 100 метр жана Жениш айылынын Аксуу дарыясынын жээгине 280 метр жерге дамба жасалды.
9 . уйбулолук зордук зомбулукка кабылган уйбулорду сактоо жана коргоо боюнча бир канча жолу окуу семинарларга катышып . уйбулолук зомбулукка кабылган уйбулолорго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ар тараптан жардам корсотуу боюнча иш чаралар тузулгон .
Жыйынтыктап айтканда : 2017-жыл ичинде айыл аймагына Республикалык бюджеттен ӨКМ тарабынан Ак-Суу Жениш айылдарында курулган дамба 380 метр 8 млн .
Озгочо кырдаалдын алдын алуу программасы боюнча 1млн 500 мин . М.Горький мектебинин курулушуна 2016-2017-жыл ичинде 37 млн
Жалпы Республикалык бюджеттен 46 млн.500мин сом.
Инвестиция: Евросоюздан 3 млн 560 мин .Катар Хайрия фондунан 6 млн 700мин ВППООНдон 3 млн 190 мин сомдук азык тулук
Жалпы : 2017-жыл ичинде Ак-Суу айыл аймагына тартылган инвестиция 13 млн 45мин сом.