Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 8/1
Ак-Моюн айылдык кеӊешинин сессиясында каралган маселелер жөнүндө
Ж. Тогозов билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 18-ноябрында Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн айылында саат: 10-00дө, Бирдик айылында саат:14-00дө элдик чогулуш өткөрүлсүн.
- Элдик чогулушта айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлери жана мекеме жетекчилери отчет беришсин.
- Элдик чогулушка Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акими, райондук финансы бөлүмүнүн башчысы жана райондук салык инспекциясынын башчылары чакырылсын.
2. Ак-Моюн айылдык кеӊешинин сессияларында бөлүнгөн акча каражаттарды убагында которбой кечиктиргендиги үчүн, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөнованын кызмат абалын карап, бошотуу жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акими Ж.Субагожоевге тапшырылсын.
3. Айыл өкмөттүн салык инспектору Т.Байматованын бүгүнкү күнгө чейинки аткарып жаткан жумуштары канааттандыраарлык деп баалансын.
- Ат-Башы РЭТтин, мектептин, соц.объектинин 3% акчалары боюнча тактап тез арада депутаттарга маалымат берилсин.
4. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага, ветеринар башкы адиси Ж.Мурсакматовго, аскердик каттоо столунун инспектору С.Амангуловго сессияга келип отчет бербегендиги үчүн “Сөгүш” жазасы берилсин.
5. Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын 2016-жылдын 8-ноябрындагы №01-88 каты боюнча “Өмүкө” каналына курулган сооружения боюнча 131452(Бир жүз отуз бир миӊ төрт жүз элүү эки) сом бөлүп берүүгө айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөнова сессияда жок болгондугуна байланыштуу акча каражаты каралган жок.
6. Айылга коюлуп жаткан трансформаторлор боюнча Ак-Моюн айылынын чет жагындагы Чөнөнүн сарайы менен Карыпбектин сарайынын ортосундагы бош турган зым карагайларды алып айыл ичине коюу боюнча ал зым карагайларды убагында сарай ээлери алып калышкандыгына байланыштуу, ошол сарай ээлеринин уруксаты менен алып айыл ичине пайдаланышсын.
7. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында салык жыйымдарынын чогултулушу боюнча өткөрүлгөн коллегиянын протоколдук тапшырмасын аткаруу үчүн жайыт комитетинин төрагасына кызматтык чара көрүү боюнча маселе коллегиянын протоколу жоктугуна байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын.
8. Айыл ичиндеги таштандыларды ирээтке келтирүү жагы айыл өкмөттүн турак жай жана өзгөчө кырдаалдар башкы адисине тапшырылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучуга тапшырылсын.
Сессиянын төрагасы | Ж. Тогозов |