Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-декабры №48
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылга карата жүргүзгөн иштери боюнча отчетун жана 2018-жылга карата түзулгөн туруктуу өнүктүрүү программасын(ТӨП) угуп Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынын 8- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун 2017-жылда аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылга карата түзүлгөн келечектүү иш планы бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы жана Финансы, Экономика, Бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Саматов |