Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-ноябры №26
Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кайра бөлүштүрүү фондуна караштуу жерлердин картасын кайра карап чыгуу жөнүндө Айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Жусубалиевдин билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кайра бөлүштүрүү фондуна караштуу жерлердин картасын кайра карап чыгып инвентаризациялоо жүргүзүлсүн.
2. Инветаризация жана картаны кайра кароо Баткен райондук жерге жайгаштыруу экспедициясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Зикиров |
|
|