Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-декабры №21/2
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаар мэриясына караштуу Голбо айылына балдар бакчасын ачууга уруксат берүү жана Жобосун бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдьшча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ьшайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясына караштуу Голбо айылына чарбалык негизде балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин жана тиркемеге ьшайык Жобосу өзгөртүү жана толуктоолор менен бекитилсин.
2. Жаңы ачылган тайпалардын штаттык бирдиктерин кароо жагы Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсьш.
3. Жаңы ачьшган балдар бакчасынын Исфана шаар мэриясына тиешелүү чыгаша бөлүгүн кароо жагы Исфана шаар мэриясынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы, башкы эсепчи А.Таштановго жүктөлсүн.
4. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсьш.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүкө алуу жагы шаардык Кеңештин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырьшсын.
Тѳрага | А. Рахманкулов |
|
|