Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-декабры №21/4
Исфана шаар мэриясынын "Лейлек Коммунальщик" акционердик коомунун 2016-жылга карата коммуналдык төлөмдөрдүн тарифтерин бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдьшча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 14-пунктуна ьшайык Исфана шаардык Кецешинин IV чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Лейлек Коммунальщик» акционердик коомунун 2016-жылга карата коммуналдык төлөмдөрдүн тарифтери тиркемеге ьшайык бекитилсин. (Тариф тиркелет)
2. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсьш.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кенешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырьшсьш.
Тѳрага | А. Рахманкулов |
|
|
«Макулдашылды» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Баткен облустук бөлүмүнүн Начальниги_____________Э.Мажитов «______» _________________20___-жыл.
| «Макулдашылды» Исфана шаардык Кенешинин торара__________ Э.Рахманкулов «______» _________________20___-жыл.
| «Бекитемин» "Лейлек Коммунальщик" акционердик коомунун директору____________ А. Касымов
|
"Лейлек Коммунальщик" акционердик коомунун 2016-жылга карата коммуналдык кызматтарга болгон тарифтери
№ | Кызматтын түрлөрү | Өлчөө бирдиги | Сумма |
1 | Калктуу конуштагы турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн бир айлык баа | 1 киши | 16-52 |
2 | Жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу баасы: МТЗ-82 | 1 рейс | 2147-81 |
3 | Жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча суюк саркындыларды ташып чыгаруу баасы: ГАЗ-33-09 | 1 рейс | 2195 |
4 | Жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча телескопикалык машинанын кызмат көрсөтүү баасы: ГАЗ-53 | 1 саат | 323-51 |
5 | Жеке жана юридикалык жактарга шагыл жана топурак ташуу үчүн баа: МАЗ Самосвал | 1 рейс | 1400 |
6 | Жеке жана юридикалык жактарга экскватор кызматтары үчүн баа: МТЗ-82 | 1 саат | 700 |
7 | Жеке жана юридикалык жактардагы турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн баасы: ГАЗ 33-09 Мусоровоз | 1 рейс | 1321-88 |
8 | ЗИЛ суу себүүчү машинанын кызмат көрсөтүү баасы | 1 рейс | 1406 |
9 | Коммерциялык түзүмдөр | 1мЗ | 255-46 |
Исфана шаардык Кенешинин жооптуу катчысы: З.Туяков