Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 9/1
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө таандык жер казынасын пайдалануу укугу боюнча, лицензиядан кошумча түшкөн каражатты бекитүү жөнүндө
Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин депутаттары, сессияда жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө таандык жер казынасын пайдалануу укугу боюнча лицензиядан кошумча түшкөн каражат төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
№ | Аталыштары: | Суммасы (сом): |
1 | Ак-Моюн айылындагы А.Койчуманов орто мектебинин өрт коопсуздугуна | 37 000(отуз жети миӊ) сом |
2 | Бирдик айылындагы С.Мурзакматов атындагы орто мектебине көмөк чарбасына | 50 000(элүү миӊ) сом |
3 | Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн соц.кызматкери Н.Аскербековго майыптар күнүн өткөрүүгө | 10 000(он миӊ) сом |
4 | Ат-Башы районундагы Ат-Башы жаӊылыктары газетасына 2013-2015-жылдардагы сессиянын токтомдорун жарыялоого | 27 000(жыйырма жети миӊ) сом. |
5 | Бирдик айылындагы салынып жаткан кичи футбол аянтынын проектисин бүткөрүүгө | 30 000(отуз миӊ) сом. |
6 | Ак-Моюн айыл өкмөтүнө электрондук АСКИД программасын коюу үчүн | 2000(эки миӊ) сом. |
7 | Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүүгө концелярдык товар алуу үчүн | 20 000(жыйырма миӊ) сом. |
8 | Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуга күйүүчү майга | 10 000(он миӊ) сом. |
9 | “Бирлик-Таазими” балдар бакчасына жууркан алууга | 10 000(он миӊ) сом. |
10 | “Бирлик-Таазими” балдар бакчасына огнитушитель алууга | 3000(үч миӊ) сом. |
11 | Тамчы-Булак балдар бакчасына жууркан алууга | 9000(тогуз миӊ) сом. |
12 | Ат-Башы районундагы №20 ДЕП жол тейлөө ишканасына Ак-Моюн айылындагы Сартбай кичине баатыр көчөсүнө төгүлгөн шагылды түздөп берүү үчүн күйүүчү майына. | 4000(төрт миӊ) сом. |
| Бардыгы: | 212 000 (эки жүз он эки миӊ) сом. |
2. Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Үмөталиевге тапшырылсын.
Төрайым | Г. Аттокурова |