Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 09-марты №35/4
Айдаркен шаарынын борбордук базарынын айланасындагы чоп, комүр, отун ж.б. нерселер менен иретсиз, баш аламан соода жүргүзүп жаткан автоунааларды көзөмөлдөп берүү жөнүндөгү Аксакалдар Кенешинин жана шаар тургундарынын арыз кайрылуу каттарын угуп, талкуулап, депутаттардын сунушу менен шаардык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбордук базардын айланасындагы башаламан соода жүргүзүн жаткан (отун, чоп, комүр ж.б.) автоунаалар, шаарды иретке келтирүү максатында борбордук мечиттин айланасына, Некрасов көчөсүнө көчүрүлсүн.
2. Токтомду аткаруу шаардык мэрияга жана базар жетекчиси А. Кудайкуловко милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.А. Гайназаров |
|
|