Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-октябры №9/4
Исфана шаар мэринин 2017-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө отчетун жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэринин 2016-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча маалыматы канааттандырарлык деп табылсын (отчет тиркелет).
2. Орун алган кемчиликтерди жоюу жана айтылган сунуштарды аткарууга алуу жагы Исфана шаарынын мэри А. Анарботоевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу оз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www,gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсьш.
Тѳрага | Б. Тагаев |
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышыныи 2017-жылдын 27-октябрындагы кезектеги IX сессиясынын №9/4 токтомуна тиркеме
|
Исфана шаапынын 2017-жылдын тогуз (9) ай нчинде соииалдык-экономикалык жакган онугуусунун жыйынтыгы боюнча
МААЛЫМАТТАР
2017-жыл Кыргыз Республикасынын Президента тарабынын "Ыйман, Адеп жана Маданият" жылы деп жарыяланган. Бул иш чаранын негизинде Исфана шаар мэриясы жана шаар мэриясына караштуу түзүмдүк структуралар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүде.
2017-жылдын 9 ай нчинде жергиликтүү калктын маселесин чечүү, шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ар тараптуу өсүп онүгүшүн камсыздоо боюнча бир топ иш аракеттер жасалды. Айрыкча, шаардын жана айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга, социалдык объектилерди курууга багыталынды Исфана шаардык кенешинин V чакырылышыныи кезектеги 111 сессиясынын 2017-жылдын 20-февралындагы №3/2- токтому менен бекитилген Исфана шаарынын 2017-жылга карата өнүгүү программасына киргизилген иш-чаралар боюнча томөнкү жумуштар аткарылды:
Исфана шаао мэриясынын 2017-жылга карата бекитилген социалдык –экономикалык өнүгүү программасы:
Өнүгүү программасында 25 бөлүмдөн турган иш-чара, программага кирген иш чараларды аткаруу үчүн 98 916 760 сом акча каражаты керектелет, тогуз айдын жыйынтыгы менен профаммага кирген 14 иш чара аткарылып, аткарылган жумуштардын суммасы 70 036 900 сомду туздү. Бул керектелүүчү сумманын 77 %түзөт.
Ошону менен бирге жыл башында бекитилген өнүгүү профаммасына жана айылдардын иш-чараларына кирбей калган долбоорлордун жана тартылган инвестициялардын эсебинен бир топ жумуштарды аткарууда жана пландалууда. Бул иш чарапардын басымдуу бөлүгү калкты күнүмдүк турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуу, социалдык көйгөйлөрдүн чечүү, инфрасфукгуранын жакшыртуу болуп саналат.
Салык тармагы боюнча:
2017-жылга карата жылдык иш план түзүлүп, анын негизинде жумуштар алынып барылууда, 2017-жылдын тогуз айында 2016-жыл тогуз айында аткарылган жумуштардын жана жыйналган салыктардын салыштырмалуу жыйынтыгы чыгарылып жана талданып, 2017-жылдын тогуз айына карата жергиликтүү салык боюнча 5 787 000 сом план түзүлгөн, бул көрсөткүч 6 842 900 сомго аткарылып, ашыкча 1 055 900 сом акча каражаты жергиликтүү бюджетке түшүрүлдү, пайыз менен алганда 118,2 % га аткарылды. Жергиликтүү салык боюнча 2016- жылдын тогуз ай жыйынтыгына салыштырмалуу 31 300 сомго ашыкча жыйналып, өсүү темпи 4.8%ды түздү.
Жергиликтүү салык планынын аткарылышы жана талдоо, 2017-жылдын тогуз айын 2016-жылдын тогуз айына салыш тырмалуу (таблица 2)
№ | Салыктын түрлөрү | 2016-ж тогуз айына планы | 2016-ж тогуз айына негизги көрсөткүчү | 2017-ж тогуз айына планы | 2017-ж тогуз айына негизги көрсөткүчү | Ьаа +/- | % |
| |||||||
1 | Тамарка салыгы | 1640000 | 1687080 | 1640000 | 1610700 | -29300 | 98.2 |
| |||||||
2 | Үлүш жер са. и.м ы | 323100 | 566233 | 277700 | 647800 | 370100 | 233 |
| |||||||
3 | Автоунаа жана кыймылсыз мүлк | 2300000 | 2540654 | 2300000 | 2774900 | 474900 | 121 |
| |||||||
| салыгы |
|
|
|
|
|
| ||||||||
4 | Айыл чарбасына арналбаган жер салыгы | 1316800 | 1269613 | 1162200 | 1313100 | 150900 | 131 | ||||||||
5 | Эки топтуу мүлк салыгы | 420200 | 458925 | 410700 | 496400 | 85700 | 121 | ||||||||
6 | Кайра бөлүштүрүү фонду ижара акысы | 530400 | 486562 | 427200 | 492700 | 65500 | 115 | ||||||||
| Баардыгы | 6530500 | 7009067 | 6217800 | 7335600 | 1117800 | 118 | ||||||||
2017-жылдын тогуз ай ичинде салык толобогон атуулдарга эскертүү берилип, салыктар жыйналды жана Исфана шаар мэриясынын бюджетин толтурууга аракеттер жасалды. Лейлек райондук салык кызматы менен биргеликте рейддер уюштурулду жана алар менен биргеликте иш алып барышып, жакшы корсөткүчтөр болду. Милдетгүү, ыктыярдуу патенттерди жана салыктын башка түрлөрүн жыйноо боюнча фафик түзүлүп, салык кызматкерлери участкаларга чыгып патенттер жыйноо боюнча бир топ иштер аткарылды.
Негизинен бардыгы болуп 2017-жылдын тогуз айына жергиликтүү салыктар боюнча 6 842 900 сом жыйналып пайыз менен алганда 118,2% түздү.
Тартылган ички жана гышкы инвестициялап:
2017-жылдын тогуз ай ичинде Исфана шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын аймагынатартылган ички жана сырткы инвестициянын жалпы көлөмү 75 453 356 сомду туздү, алар:
1. Самат айылында Араб мамлекетинин каржылоосу жана Араб мамлекетиндеги ыйгарым укуктуу элчиси А.К.Жумабаевдин колдоосу жана Исфана шаар мэриясынын демилгеси менен суммасы 18 000 000 сом болгон Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты бүтүп, ишке берилди.
2. Кыргыз Республикасынын Президентмнин кенешчиси И.С.Илмияновдун, Лейлек районунун мамлекеттик админисфациясынын акиминин биринчи орун басары А.А.Исаевдин демилгелери жана Исфана шаар мэриясынын колдоосу менен Исфана шаарында "Ас-Сафа" борбору коомдук бирикмесинин каржылоосу менен суммасы 40 000 000 сом болгон 350 орундуу балдар мектеп-интернаты-нын имараты курулуш иштери аяктап, окуу жылынын башталышына пайдаланууга берилди.
3. "Ас-Сафа" борбору коомдук бирикмесинин каржылоосу менен суммасы 600 000 сом болгон 1998-жылдан бери иштебей турган скважина ишке берилди.
4. Чимген айылында 300 кожолукту таза суу менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын эмгек синирген мугилими, ардагер-мугалим Б.Осмоновдун каржылоосу жана шаар мэриясынын колдоосунда суу түтүкчөлөрү алмаштырылып берилди. Бул ички инвестицияга 600 000 сом сарпталды.
5. Жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу максатында "Ала-Тамыр" скважинасы элдин, АРИСтин колдоосунда жана шаар мэриясынын демилгеси менен ишке кирип, пайдаланууга берилди. Бул долбоордун жалпы суммасы 477 000 сомду түздү.
6. Кыркымкана жана малдарды бышуучу жайыны коомчулуктун, АРИСтин колдоосунда жана шаар мэриясынын демилгеси менен 776 356 сомго бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
7. Кошумча ички инвестиция аркылуу Кошмуратов көчөсүнө эки кабаттуу мейманкан курулуп, пайдаланууга берилди, бул объектинин жалпы суммасы 15 000 000 сомду түзөт.
8. Исфана шаарынын Пулон участкасында малдарды жасалма уруктандыруу пункту.
Исфана шаарынын 2017-жылга карата тузулгон туруктуу онуктуруу iipoi раммасына киргизилген 25 (жыйырма беш) иш чара боюнча томонку нштер аткарылды жана аткарылуу боюнча иш араке пер жургузулуудо:
1. Экинчи кичи районундагы Манас көчөсүндөгү калкты таза суу менен камсыздоо боюнча жаңы линиянын курулуш аяктап, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 181 775 сом сарпталып, пайдаланууга берилди.
2. Мырза Патча АӨӨБКнын жана милициянын аймактык тескөөчүсүнө кызматтык кеңсе куруу үчүн жумуш башталып, 100 ООО сом сарпталып контейнер алынды.
3. Исфана шаарына жана шаарга караштуу айылдарга түнкү жарыктарды орнотуу боюнча 300 ООО сом керектелип, шаардын аймагындагы элге ыңгайлуу шарт түзүлдү.
4. Ак-Булак, Тайлан, Бөзөгүл жолдурана 2км. 600 м. шагыл төшөлүп, суммасы 730 000 сом, элге ыңгайлуу шарт тузүлүп берилди.
5. Кара-Таш-Беш-Бада айылында жөө өтуүчү көпурө бүтүп, 1233763 сом жумшалып, пайдаланууга берилди.
6. Исфана шаарынын С.Садыков көчөсүнө 430 метр, Восточная көчөсүнө 700 м. асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Учурда Тоголок Молдо көчөсүнө (500 м.), Туракулбай Ата көчөсүнө (1370 м.) асфальт төшеө иштерине даярдыктар кызуу жүргүзүлүп жатат. Бул курулуш иштерин аткарууга республикалык бюджеттен жалпысынан 14 637 874 сом акча каражаты каралып, 3 км. ички көчөлөр асфальттанууда. Ошондой эле Тайлан айылынын Ак-Тилек участкасынын автоунаа жолунун 700 метр шаардык бюджеттин эсебинен 209 741 сом жумшалып, шагыл төшөлдү.
7. Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган Голбо айылындагы К.Казыев атындагы орто мектебинин спорттук залын капиталдык ондоолор 2 085 000 сомго конкурста женүүчү деп табылган "Агат КЖ" ЖЧКу тарабынан толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
8. Исфана шаарынын аймагында жашаган социалдык коргоого муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн 935 500 сом акча каражаты жумшалды.
9. Исфана шаарында "Ас-Сафа" борбору коомдук бирикмесинин каржылоосу менен суммасы 40 000 000 сом болгон 350 орундуу балдар мектеп-интернатынын имараты курулуш иштери аяктап, окуу жылынын башталышына пайдаланууга берилди.
10. Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ондоо үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 8 000 000 сом акча каражаты жумшалып окуу жылынын башына пайдаланууга берилди.
11. Беш-Бала башталгыч орто мектеби, А.Навои атындагы орто мектеби жана Наристе балдар бакчасындагы ажатканалар кооптуу абалда болгондуктан жаны даараткана курууга долбоордук сметалык документгери жасалып, бүгүнкү күндө Беш-Бала башталгыч мектебине жалпы суммасы 195 000 сомдук жана А.Навои атындагы орто мектебине 282 000 сомдук ажатканалар курулду. Наристе балдар бакчасына ажаткана куруу боюнча тендер өткөрүлдү.
12. Түрткү берүүчү гранттын эсебинен үч долбоор өткөрүлдү. "Ысык-Кол орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык ондоо жана мектеп аймагын абаттоо" долбоору 2 756 205 сомго "Интер-Планета" ЖЧКу жеңүүчү деп аныкталып, бүгүнкү күндө курулуш иштери аяктоо алдында турат.
13. "Т.Жапаров атындагы орто мектебинин жылытуу системасынкапиталдык ондоо жана мектеп аймагын абаттоо" долбоору 4 484 751 сом каражат жумшалып, пайдаланууга берилди.
14. "Тайлан айылына ФАЛ куруу" долбоору 2 750 551 сом жумшалып аяктоо алдында турат. Исфана шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен аткарылган кошумча иштер:
-Т.Жапаров атындагы орто мектебинин ашканасын ондоого 183 000 сом;
-Самат атындагы орто мектебине азык-түлүк кампа курууга 133 500 сом;
-Д.Жороев атындагы орто мектебинин чатырын ондоого 151 000 сом сарпталды.
Статистика боюнча:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы "2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндөгү" № 194-токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясына ылайык Исфана шаарын жана шаарга караштуу айылдарды ар тараптуу өнүктүрүү 33 иш чарадан турган программасынын долбоору иштелип чыгылды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне кароо үчүн сунушталды.
Исфана шаар мэриясы тарабынан төмөнкү статистикалык маалыматтар такталды жана Лейлек райондук статистика комитетине отчеттор тапшырылды.
Мал чарбасы боюнча | ||||
№ | Аталышы | 2016-ж тогуз айынын көрсоткүчү | 2017-ж тогуз айынын көрсөткүчү | Баа +/- |
1 | Өндүрүлгөн эт | 12 500 ц | 12 720 ц | +220 ц |
2 | Саалган сүт | 36310ц | 36 330 ц | +20 ц |
3 | Жумуртка | 461 ОООдаана | 462 000 даана | +1000д |
4 | Кыркылган жүн | 530 ц | 530 ц |
|
5 | ИИМ малдардан алынган тел | 2007 баш | 2010 баш | +3 баш |
6 | Кой-эчкилерден алынган тел | 15 900 баш | 16 393 баш | +483 баш |
7 | Бээлерден | 65 баш | 72 баш | +7 баш |
Айыл чарба тармагы боюнча:
2017-жылда айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин атуулдарга ижарага берген жерлердин ижара акысы 693 300 сомду түзөт, 2017- жылдын тогуз айына 427 200 сом болсо, жалпысынан ижара акы 492 700 сом өндүрүлүп алынды. Анын ичинен эски жылдардын 2015-2016 жылга 60 394 сом Исфана шаар мэриясынын эсебине төгүлгөн.
к/н № | Салык түрү | 2016-ж тогуз айына планы | 2016-ж тогуз айына негизги көрсөткүчү | 2017-ж тогуз айына планы | 2017-ж тогуз айына негизги көрсөткүчү | Айырма+/ |
|
сумма
| |||||||
1 | ижара МКБФ | 530400 | 486600 | 427200 | 492700 | 65500 | 115, 9 |
| жыйынтыгы | 530400 | 486600 | 427200 | 492700 | 65500 | 115,3 |
Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы айдоо аянты 1398 га, анын ичинен: ижарага берилген суулуу айдоо жер аянты - 164 га, кайрак айдоо жер аянты- 917 га, чоп чабынды жер аянты - 232 га, бак-дарактар- 85 га, жалпысынан 297 га экономикалык жактан пайдасыздыгы боюнча, алыстыгы, таштактуулугу боюнча берилген жок.
Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүү ушул күнгө - 2620 га дан эгиндери эгилди. Анын ичинен: 1540 га буудай, 1910 га арпа эгилди. Исфана шаар мэриясынын тарбынан 2017 - жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндерин айдоо, гектарына 2000 сом, дан сепкич менен себүү - 700 сом белгиленген. Комбайн менен оруп жыйноо -2000-2200сом, чоп оруу -500-700 сом, чоп жыйнагыч 400-600, чөп тангактоо-10-12 сом
Шаар мэриясы боюнча бардыгы болуп 64 даана айыл чарба техникалары бар. Анын ичинен: комбайн дар 10 даана, 4 комбайн жаңы үлгүдөгү, 6 комбайн эски үлгүдөгү, дан сепкич (сеялка)-9 даана.
Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүүдө жер кыртышын агротехникалык эрежелер менен айдоо, сапаттуу үрөн эгүү жумасына эки жолу көзөмөлго алынып турулду.
Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижара мөөнөтү бүткөн жерлер 2017- жылдын 10-апрелинде такталып чыккан сон, мөөнөтү бүткөн жерлерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлот, 9,2 га сугат айдоо, 121,0 га кайрак айдоо жерлер аукционго коюлду, бирок үлүш жер боюнча чечилбеген маселелер коп.
Исфана шаар мэриясынын айыл чарба бөлүмүнө атуулдар тарабынан жана мекеме уюмдардан келген арыз каттардын саны - 121 даана оозеки түшкөн арыздар 37ни түзөт. Ар бир арыз жана катка өз убагында жооп берилип, жайында барып көрүп чечилип берилүүдө.
Исфана шаар мэриясы боюнча бардыгы болуп 2017-жылдын түшүмү үчүн 4056 га. жерге кылкандуу дан эгиндери эгилген анын ичинен:
-2145 га жерге буудай эгилип, 4018 т дан алынган орточо 18.7цтүзгөн.
-1911 га жерге арпа эгилип, 3005 т дан алынып,орточо 15,7ц түзгөн.
-98 га жерге дандык жүгөрү эгилип, 541 т.дан алынып орточо 55,2 цтүзгөн.
-30 га жерге дан буурчак эгилип, 26,4т.дан алынып орточо 8,8 ц түзгөн.
-110 га жерге картошка эгилип, 1500 т алынып орточо 136.4ц түзгөн.
-124 га жерге жашылча эгилип, 2264 т жашылча алынып 182,6 цтүзгөн.
-10 га жерге май өсүмдүктөрү эгилип, 7 т май өсүмдүгү алынып 7,0 ц түзгөн.
-80 га жерге мөмө жемиш эгилип, 288 т момо жемиш алынып 36,0 цтүзгөн.
-Кесек тоют 11670 т жыйналып алынган, анын ичинен чөп.- 6050 т, саман - 5620 т.
Жол куруу. транспорт жана соода тармагы:
Исфана шаар мэриясынын алдындагы транспорт, коммуникация, соода жана кызмат көрсөтүү департамента 2017-жылдын январь айында 2016-жыл үчүн аткарылган иштер боюнча шаар мэриясына маалымат берилип, 2017-жылга карата аткарылуучу иш чаралардын пландары түзүлдү.
Исфана шаар мэриясынын транспорт, коммуникация, соода жана кызмат көрсөтүү департаментинин 2017-жыл "Ыйман, адеп жана маданият жылына" карата түзүлгөн иш чаралардын планында көрсөтүлгөн төмөнкү иш чаралар 2017-жылдын 9 айында аткарылды. Алсак:
Жылдын башынан баштап, ар ай caйын Исфана шаарынын борбордук базардын айланасындагы соода түйүндөрү тартипке алынып, базардагы сооданын жүрүшү боюнча көзөмөлгө алуу иштери жүргүзүлдү. Исфана шаарындагы соода түйүндөрүн жана коомдук тамактануучу жерлердин абалын жакшыртуу максатында комиссия курамы түзүлүп, бүгүнкү күндө чогуу иш алып барылууда.
Исфана шаарынын ички көчелөрү аркылуу каттап жаткан жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустардын каттамы көзөмөлгө алынды.
Исфана шаарындагы айылдардын инфраструктурасын жогорулатуу, жүргүнчүлөр жана автомашиналардын жүрүшүнө ыңайлуу шарт түзүү максатында Ак-Булак айылынын ички көчөлөрүнө диаметри 300 мм. болгон 16 даана трубалар жаткырылып, узундугу 1830 метрге 250 рейс шагал ташылып, тегизделди.. Бул жумуштарды аткаруу үчүн шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 610 800 сом акча каражаты сарпталды. Тайлан айылынын ички көчөлөрүнө узундугу 700 метр жолго 120 рейс шагыл төшөлүп, жергиликтүү бюджеттен 209 741 сом акча каражаты сарпталды.
Исфана шаарынын ички көчөлөрүнөн Бөзегүл участкасына жергиликтүү калтын салымынын эсебинен 200 метр жолго 30 рейс 16 000 сомдук, Пилал участкасындагы 300 метр жолго 26 рейс шагыл төшөлүп, жоддор калыбына келтирилди.
Исфана шаарынан оор жүк ташуучу авто унаалар өтүүчү айланма жол (обьезд) июнь айынын баштарында узундугу 6,2 км. жолго 76 рейс шагыл төшөлүп, бүгүнкү күндө оор жүк ташуучу авто унаалардын шаардын ичине кирбей айланып өтүүсүнө шарттүзүлүп берилди. Кытайлык Синь Цзян "Бейсин" жол жана көпүрө куруу корпорациясы менен түзүлгөн Исфана-Кайрагач автожолунун проектинин негизинде 5 км жолго асфальт төшөлүп бүткөрүлдү, ал эми бузулган асфальттардан чыккан асфальт калдыктары Самат айылынын ички көчөлөрүнө тешөлүп берилди.
Исфана шаарынын Жаны-Конуш, Тоголок Молдо, Равахана, Восточная, К.Баратов көчөлөрүнө демөөрчүлөрдүн эсебинен 138 рейс шагал ташылып, тегизделди.
Исфана шаарынын Беш-Бала айылына 1 233 763 сомдук жөө адамдар өтүүчү көпүрө курулуп бүткөрүлдү. Иш чарада көрсөтүлгөн Исфана шаарынын С.Садыков көчөсүдөгү 430 м жолго 1 716 894 сомдук жана Восточная кочөсүндогү 700 м жолго 3 395 028 сомдук республикалык бюджеттин эсебинен асфальт төшөлүп капиталдык ондоо иштери жүргүзүлдү, ал эми Тоголок Молдо жана Туракулбай-Ата, көчөлөрүн асфальттоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндо жол коопсуздугун сактоо максатында Исфана шаарына караштуу Додосьян көчөсүндөгү У.Маткаримов атындагы №4-өзбек гимназиясынын жана Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинин алдындагы жолго республикалык бюджеттин эсебинен 850 000 сомдук светофор орнотулуп, бүгүнкү күндө ишке түшүрүлдү. Бул иштер Исфана шаар мэриясынын алдындагы транспорт, коммуникация, соода жана кызмат көрсөтүү департаментинин кызматкерлери тарабынан дайыма козомолго алынып, иштердин жүрүшү тууралуу маалыматтар алынды.
Исфана шаарынын борбордук жана ички көчөлөрүнүн бойлорунда мыйзамсыз курулган жана шаардын көркүн бузган, жүрүүгө жолтоо болгон самсаканалар, самса тандырлары бузулуп, иретке келтирилди.
Соииалдык жактан коргоо боюнча:
Исфана шаар мэриясынын социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн 2017-жыл тогуз ай ичинде көрсөтүлгөн жардамдар боюнча маалымат:
Исфана шаарынын аймагында жашаган турмуштук оор кырдаалда жашаган арыз менен кайрылган 157(2016-жылы 167) үй-бүлөгө арызын канааттандыруу максатында 426 603 (2016-жыл 356 742) сом акчалай жардам көрсөтүлгөн.
Ооган согушунун 17 ардагерлерине жана каза 4 жоокердин үй-бүлөсүнө 1 100 сомдон 23 100 сом (2016-ж 20 580) берилген.
8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата Исфана шаар мэриясынын аймагында жашаган Баатыр энелерге ар бирине 500 сомдон жана активист 28 энеге 600 сомдон (2016-ж 177 Баатыр энелерге майрамдык 88 500 сомдук) 108 800 сомдук акчалай жардам берилген.
Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткерүүдо Исфана шаар мэриясынын аймагында жашаган 70 жакыр үй-бүлөгө 400 сомдон жалпысынан 28 000 сомдук акчалай жардам көрсөтүлгөн.
ЧАЭСтердин майрамына 5 катышуучусуна 2000 сомдон 10 000 сом жана ЧАЭСтин катышуучусу Барашкин Юрийди акыркы сапарга узатууга 6 ОООсом жумшалган акчалай жардамдар берилген бардыгы болуп 16 ОООсом берилген.
Энелер күнүнө карата Исфана шаар мэриясынын аймагында жашаган 65 энелерге майрамдык кече уюштурулуп, жалпысынан (2016-ж 60 энеге 63 020 с.) 97 500 сомдук белектер жана сый тамак уюштурулуп берилген.
Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата Исфана шаар мэриясынын аймагында жашаган 2 ардагерге ЮОООсомдон ошондой эле 55 ооруктун ардагерлерине 2 000 сомдон жалпысынан (2016-жыл 147 000) 130 000 сом акчалай жардамдар көрсөтүлгөн.
1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Исфана шаар мэриясынын аймагында жашаган 16 тоголок жетим балдарга колдоо көрсөтүү максатында ар биринин эсебине 3000 сомдон жалпысынан (2016-жыл 14 балага 42 000) 48 000 сом которулуп берилген, ошондой эле «Кулунчак» ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыбына келтирүү борборуна тарбияланып жаткан 30 балага жана 11 тоголок жетим балдарга, ар бир балага бирден 400 сомдук белек даярдалып жалпысынан (2016-ж 11 000) 16 400сом акча каражаты жумшалган. Ошондой эле райондук денгээлде уюштурлан турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарына жана тоголок жана жарым жетим балдарга 20 000 сомдук майрамдык сый тамак жана белектер уюштурулуп берилген, бардыгы болуп 84 400 (2016-ж 53000) сом жумшалган.
Онкологиялык ооруу менен ооруган 38 атуулга дарыланып келген жол чыгымдары үчүн (2016-ж 28 атуулга 130 200) 168 732 сом төлөнүп берилген.
Кургак учук ооруу менен ооруган 5 атуулга (2016-ж 6 атуулга 23 542) 19 871 сом жол чыгымы үчүн төлөнүп берилди.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 38 атуулга 111 000 (2016-ж 34 атуулга 74 000) сом акчалай берилген.
Турмуш шарты начар 48 үй-бүлөгө 127 000 (57 үй-бүлөгө 121000) сом акчалай жардамдар корсөтүлгөн.
Багуучусун жоготкон (СПК) 7 үй-бүлөгө 19 000 (2016-ж 4 үй-бүлөгө 8000) сом акчалай жардамдар берилген.
Исфана шаар мэриясынын социалдык коргоо статьясынын эсебинен жалпысынан 935 433 сом 2017-дылдын тогуз айына карата жумшалган (2016-ж. 766 842 сом).
№ | Категориялардын аталышы | Адам саны |
| ||
2016 | 2017 | % | |||
1 | Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери | 2 | 10 000 | 20 000 | +10000 |
2 | ЧАЭС (Чернобыль) катышуучулары | 5 | 10 000 | 10 000 | 0 |
3 | КОС и КОГ (Көзү азиздер жана дүлөйлөр) | 3 | 4000 | 4000 | 0 |
4 | Жалгыз бой карыялар | 2 | 9000 | 12 000 | +3000 |
5 | Батыр энелер | 184 | 88 500 | 92 000 | +3500 |
6 | Жалпы оорунун майыптары | 38 | 74 000 | 111000 | +37000 |
7 | Кургак учук менен ооругандар | 5 | 23 542 | 19 871 | -669 |
8 | Онкологиялык оорукчандар | 38 | 130 200 | 16S732 | ■ 38532 |
9 | Ото жакыр үй-бүлөлөр | 48 | 121000 | 127000 | +6000 |
10 | ДРА (Ооган согуш ардагер жана жесирлери) | 21 | 20 580 | 23 100 | +2520 |
11 | Ооруктун ардагерлери | 55 | 132 000 | 110000 | -22000 |
12 | СПК (багуучусуну жоготкон үй-бүлөлөр) | 7 | 8000 | 19 000 | +11000 |
13 | Башка чыгымдар (даталуу күндөр ) 1-июнь, социалдык адилеттуүлүк, энелер күнү | - | 136020 | 218730 | +82710 |
| Бардыгы |
| 766 842 | 435 433 | +168591 |
Социалдык тармак боюнча:
Билим берүү тармагында: Билим берүү уюмдары боюнча жыл ичинде аткарылуучу жумуштары жана керектөелөрү такталып 2017-жылдын бюджетин кароо учурунда сунушталды.
Шаарга караштуу билим берүү мекемелерине видео байкоолорду орнотуу боюнча сметалык эсептери даярдалып, сатып алууларга конкурс өткөрүлдү. Жакынкы күндөрдө 13 мектеп жана 9 бала бакчанын керектөөсүнө ылайык (А.Навои жана Самат ат. мектептерде, Барчын б/б демөөрчүлөр тарабынан коюлган) алгачкы түзүлгөн жалпы бюджети 966461 сомдук 116 камера орнотулат. Ал эми интернет байланыш кызматы боюнча шаардын аймагындагы мектептерге интернет тармагын киргизүү иштери жүргузүлүп 10 мектеп жана 2 бала бакчага интернет байланышы орнотулду.
Үлүштүк дем берүүчү гранттардан каржылоого республикалык бюджетке сунушталган 3 долбоор боюнча документтери толукталып каржы министрлигине жиберилди. Долбоорлор жактырылып, сатып алууларга конкурс өткөрүлдү. Тендердин жыйынтыгы менен "Тайлан айылына ФАП куруу" долбоору 2750551 сомго "БЕК" ЖЧКу, "Т.Жапаров атындагы орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык ондоо жана мектеп аймагын абаттоо" долбоору 4484751 сомго "БЕК" ЖЧКу жана "Ысык-Кол орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оцдоо жана мектеп аймагын абаттоо" долбоору 2756205 сомго "Интер-Планета" ЖЧКу жеңүүчү деп аныкталып бүгүнкү күндө курулуш иштери аяктоо алдында турат.
Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган Голбо айылындагы К.Казыев атындагы орто мектебинин спорттук залын капиталдык ондоолор 776 356 сомго конкурста женүүчү деп табылган "Агат КЖ' ЖЧКу тарабынан бүтүп, пайдаланууга берилди.
Республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси боюнча каржылоого тизмеге кирген обьекттер боюнча тийишгүү документтери шаар мэриясы тарабынан даярдалып облустук капиталдык курулуш башкармалыгына жиберилген. Бүгүнкү күндө томөнкү обьекттерде курулуш иштери жүрүп жатат:
1. Мурза-Патча айылында 35 орундуу бала бакчанын курулушу, жалпы суммасы 11 844 600 сом, подрядчы "Hyp Трафик" ЖЧК, аяктоо алдында турат.
2. Самат айылында 70 орундуу бала бакчанын курулушу, жалпы суммасы 18 000 000 сом, подрядчы "Бийиктик-Инвест" ЖЧК, имараттын пайдубалы баштапган.
3. Кара-Таш айылында 50 орундуу бала бакчанын курулушу, жалпы суммасы 15 147 903 сом, подрядчы "Араван Ремстрой" ЖЧК, имараттын дубалдары тургузулган.
4. Голбо айылында 50 орундуу бала бакчанын курулушу, жалпы суммасы 20 412 951 сом, бөдрөтчү (подрядчы) "Илек Строй Групп" ЖЧК, имараттын пайдубалы башталган.
Мындан сырткары Голбо айылына 225 орундуу, спорттук залы менен жаны мектепти куруу боюнча облустук капиталдык курулуш башкармалыгы (УКС) тарабынан тендер өткөрүлүп 36 392 891 сомго "Ошкооп Курулуш" ЖЧК женүүчү деп аныкталган. Республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо бөлүнсө курулуш иштери башталат. Ошону менен бирге мектептин курулуш долбоорун 275 орундуу кылып өзгөртүү толуктоолор боюнча документтери даярдалып жиберилди.
Республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси боюнча каржылоого тизмеге кирген обьекттер боюнча тийиштүү документтери даярдалып облустук капиталдык курулуш башкармалыгына жиберилген. Бүгүнкү күндө курулуш иштерине тендер өткөрүлүп Голбо айылына 225 орундуу спорттук залы менен мектеп 36 392 891 сомго "Ошкооп Курулуш" ЖЧК, , Кара-Таш айылына 50 орундуу бала бакча 15 147 903 сомго "Араван Ремстрой" ЖЧК уткан. Ал эми Голбо айылына 50 орундуу бала бакча 22 681 057 сомго тендер жарыяланган.
Беш-Бала башталгыч мектеби, А.Навои атындагы орто мектеби жана Наристе балдар бакчасындагы ажатканалар кооптуу абалда болгондуктан жаны даараткана курууга долбоордук сметалык документтери жасалып, бүгүнкү күндө Беш-Бала башталгыч мектебине жалпы суммасы 195 000 сомдук жана А.Навои атындагы орто мектебине 282 000 сомдук ажатканалар курулду. Наристе балдар бакчасына ажаткана куруу боюнча тендер өткөрүлдү.
Окуучулардын республикалык предметтик олимпиадасына, спартакиадаларына жана башка кароо-сынактарга катышкан окуучуларга шаар мэриясынын эсебинен жол акысы төлөнүп берилди. 2017-жылдын тогуз айында 47 545 сом акча каражаты окуучулардын жол чыгымдары үчүн бөлүнүп берилген.
Көрктөндүрүү иш-чараларынын алкагында №1-Гимназия, №4-Гимназия жана Ысык-Кол орто мектептеринин аймагындагы куурап калган дарактар комиссиялык кароодон өткөрүлүп кыюуга уруксат берилди жана жалпы мектеп бала бакчаларда жаңы көчөттөр отургузулду.
Мектеп окуучуларынын жана жаштардын арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча февраль айында мектептердин социалдык педагогдору жана уюштуруу мугалимдери менен жыйын өткорүлүп, мектептерде зордук-зомбулуктун, мектеп рэкетчилигинин, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маселелер каралды, балдардын ишеним телефону тууралуу маалыматберүү жагы мектеп администрацияларына запшырылды.
Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 17-февралындагы №2/35 сандуу буйругун аткарууга жана жетекчиликке алып, бүгүнкү күндө өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү курмандыкка чалуусуна өбөлгө түзгөн жана түзүлгөн кырдаал жалпы коомчулукту тынчсыздандырган жалпы интернет мейкиндигиндеги ""Морекит", "Тихий дом", "f58", "d28", "Хочу в игру", "Разбуди меня в 4-20", "В контакте", "50 дней до моего...", "Ну пока", "Рина", "Море китов" жана башка ушул сыяктуу социалдык желелердеги оюндар тууралуу, ошондой эле Исфана шаарынын аймагында өспүрүмдөрдүн арасында өз өмүрүн кыюсунун алдын алууга багытгалган жана ыйман, адеп түшүнүктөрүн берүү үчүн Исфана шаарына 15 мектепте түзүлгөн график боюнча жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүддү. Бул жыйындарга шаардын хатибиятынын өкүлдөрү жана райондук ички иштер бөлүмнүн жашы жете электер менен иштөө инспекторлору катышты.
"МерсиКо" эл аралык уюумунун Билим берүү тармагына азык-түлүк жана баланы азыктандыруу" программасынын алкагында долбоору шаар мэриясы тарабынан сунушталган Т.Жапаров атындагы орто мектебинин ашканасы 183 882 сомго толук ремонтголуп керектүү жабдуулар алынып берилди. Самат атындагы орто мектебине 133 415 сомго азык-түлүк сакталуучу кампа курулуп берилди. Ушул долбоор боюнча "Жеткинчек" балдар бакчасына азык-түлүк сакталуучу кампа куруу үчүн керектелүүчү курулуш материалдары алынып берилип, кампа куруу үчүн жумушчу күчү бала бакчанын озүнүн эсебинен болуп курулуш бүткорүлдү. Ал эми "МерсиКо" тарабынан берилген азык-түлүктөр төмөнкүлөр:
1. Т.Жапаров -250 кг күрүч, 1050 кгун, 124 литр ак май, 10 кг нокот;
2. Самат- 100 кг күруч, 500 кг ун, 36 литр ак май, 50 кг нокот;
3. Жеткинчек - 100 кг күрүч, 350 кг ун, 44 литр ак май, 50 кг нокот;
Ошону менен бирге жакынкы күндөрдө "МерсиКо" тарабынан шаар мэриясынын сунушу менен 2 мектепке ашкана жабдуулары берилет.
Д.Жороев атындагы орто мектебинин чатыры кооптуу абалда болгондуктан сметалык баасы 151 000 сомдук жумуш аткарылып, ондолуп пайдаланууга берилди.
Аба-ырайына байланыштуу билим берүү мекемелеринде жылуулук берүү 10-апрелге чейин узартылып, керектөөгө ылайык көмүр менен камсыздалды.
25-май куну бардык мектептерде акыркы конгуроо салтанаты өткөрүлүп мыкты мугалимдер, окуучулардын Республикалык жана областтык олимпиадаларыга катышкандарга сыйлыктар берилди. Мындан сырткары ар бир мектептин алдыңкы окуучуларына ардак грамоталар тапшырылды.
Маданият тармагында еткөрулгөн иш-чаралар төмөнкулөр: Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Исфана шаар мэриясынын аймагындагы мырзалар арасында, тактап айтканда мектептердин жогорку класстарынын окуучулары арасында "Эр жигит" кароо-сынагы И.Раззаков атындагы 2021 аскер бөлүгүндө өткөрүлдү. Ал жердеги курал-жарактар тууралуу көргөзмөлүү семинардан кийин концерттик бөлүгү жана спорттук мелдештери өткөрүлдү. Бул иш-чарага жергеиликтүү бюджеттин эсебинен 4500 сом акча каражаты жумшалды.
-8-март Аялдардын Эл аралык күнунө карата кыз-келиндер арасында «Жаз периси - 2017» кароо-сынагы алгая Чимген айылындагы маданият үйүндө шаардык туру өткөрүлүп, райондук турга шаардын атынан бир жеңүүчү катышты. Жеңүүчүлөрдүн сыйлыктары үчүн 5000 сом акча каражаты жумшалды.
-21-март Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара борбордук стадиондо өткөрүлду. Ак-Булак, Мурза-Патча айылдары жана Исфана-3 аймагы катышып, кол өнөрчүлөрдүн жана тамак-аш көргөзмөсү, аркан-тартыш мелдештери өткөрүлдү. Иш-чарага жалпы 42 500 сом акча каражаты сарпталды. Орун алган командаларга шаар мэриясынын акчалай сыйлыктары берилди.
-1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата шаар мэриясы на караштуу "Кулунчак" реабилитациялык борборундагы 30 балага ар бирине 400 сомдук жалпы 12000 сомдук азык-түлүк пакеттери берилди. Ошону менен бирге 10 бала бакчага ар бирине компьютер жана башка жабдуулар тапшырылды.
Газета-журналдарга жазылуу колго алынды шаар мэриясынын кызматкерлерин жана мэрияга караштуу субъекттердин кызматкерлеринин газета-журналдарга жазылуусу уюштурулду.
Исфана шаар мэриясынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан газеталарга жазылуунун суммасы 27 501 сомду түздү.
Спорт тармагында: Жаштарды патриоттуулукка чакыруу, жаштар арасында достук жана ынтымак мамилелерин чындоо, ошону менен бирге спорттун жаштар арасында кенири жайылуусуна шарт түзүү максатында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата элдик улак-тартыш оюну уюштурулуп өткөрүлдү. Спорттук иш-чараны өткөрүү үчүн 60000 сом акча жумшалды.
7-апрель бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата медицина кызматкерлери, айылдык ден-соолук комитеттери жана социалдык педагогдор арасында уюштурулуп өткөрүлгөн акцияга жана спорттук иш-чараларга шаар мэриясы тарабынан 12000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
9-май Улуу Жеңиш майрамына карата улуттук күрөш оюну өткөрүлдү. Күрөш оюну жылдагына карата өзгөчө уюштурулуп балбандар салмагына карап жарышышты. Анда салмагы 70 кг чейин болгон балбандарга өзүнчө, ал эми салмагы 70 кг ашык болгон балбандарга өзүнчө сыйлыктар берилип, (Бишкек шаарында өткөрүлгөн күрөш оюнуна берилген салымды эсепке алганда) жалпы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 80000 сом акча каражаты жумшалды.
Исфана шаарынын аймагында 2017-2018- жылдын куз-кыш мезгилине карата даярдыктардын журушу боюнча маалымат
Лейлек районунун мамлекетгик администрациясын 2017-жылдын 29-майындагы "Лейлек районунун социалдык мекемелерин жана калкын 2017-2018 - жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдоо жөнүндөгү" №2/135 буйругун аткаруу максатында, ошондой эле Исфана шаарынын аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият мекемелерин, шаар мэриясынын калкын 2017-2018- жылдын күз-кыш мезгилдерине даярдоо жана электр тармактары боюнча иштерди жөнгө салуу максатында 2017-жылдын 30-майында Исфана шаар мэриясынын №130-буйругу кабыл алынган. Ушул буйрук менен 2017-2018-жылдын куз-кыш мезгилине карата даярдыктарды уюштуруу боюнча шаар мэриясынын штабынын курамы жана иш-чаралары бекитилген.
Жогоруда аталган буйруктун негизинде куз-кыш мезгилине даярдык боюнча керектелүүчү көмүрдүн көлөмүнө билим берүү мекемелеринин директорлорунан өтүнмө (заявкалар) топтолуп, ар бир социалдык мекемелер боюнча көмүрдүн эсеби такталды. Билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыздоо үчүн сатып алууларга конкурс өткөрүү боюнча шаар мэриясынын буйругун негизинде комиссия курамы түзүлгөн. Конкурс мамлекеттик сатып алуулар интернет-порталына жарыяланып, 2017-жылдын 16-июнунда өткөрүлгөн конкурска 2 көмүр өндүрүүчү ишканалар -"Т.Ибрагимов" ЖЧК жана "Таш-Короо" ЖЧК катышкан. Конкурстун жыйынтыгында "Таш-Короо" ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган жана 2017-жылдын 21-июнунда жалпы суммасы 4 196 273 сомду түзгөн эки тараптуу келишим түзүлгөн. Келишимдин негизинде БК маркасындагы көмүрдүн 1 тоннасы 5 980 сомдон, БР маркасындагы - 4 160 сомдон жана БСШ маркасындагы көмүрдүн баасы 1 тоннасы 2 500 сомду түзгөн. Жергиликтүү бюджезтин сметасына ылайык көмүр сатып алуу үчүн 4 208 350 сом акча каражатына тендер жарыяланган болсо тендердин жыйынтыгы менен 12 077 сом акча каражаты үнөмдөлгөн.
Исфана шаар мэриясына караштуу 11 орто билим берүүчү, 1 жалпы негизги, 1 башталгыч жана 2 гимназия мектептерине, ошондой эле 9 мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жана 1 майып балдар үчүн реаблитациялык борборго бардыгы болуп 1117,21 тон көмүр керектелет. Бул мекемелерде өткөн окуу жылынан калган калдык көмүр 2017-жылдын 1-апрелине карата 125,2 тоннаны түзөт. Ал эми керектелүүчү көмүрдүн ичинен 645,1 т. БСШ маркасындагы, 131,71 т. БР маркасындагы жана 340,41 т. БК маркасындагы көмүр. Билим берүү мекемелеринин арасынан Токтогул атындагы орто мектебинде жана Самат атындагы орто мектебинин жаны имаратында жылытуу системасы электр кубаты менен жылытылат. Бүгүнкү күнгө карата билим берүү мекемелерине жалпы 623,9 т. көмүр ташылып, камсыздоо 60,2 % түзөт.
Ал эми электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу максатында Исфана шаар мэриясы жана шаарга караштуу ар бир билим берүү мекемелери жана башка социалдык объекттер боюнча электр энергиясын лимиттери бөлүштүрүлүп бекитилип берилген. Исфана шаар мэриясы жана шаарга караштуу социалдык обьекттердин лимити жалпы 1522,457 миц кВт түзөт.
Социалдык тармакта 2017-жылдын тогуз айы ичинде аткарылган жумуштар боюнча 2016-жылга карата салыштырмалуу
№ | Аткарылган жумуштар | 2016-жылдын 9 айы | 2017-жылдын 9 айы | Көрсөткүч +/- | эскертүү |
1 | Өткөрүлгөн спорттук иш-чаралардын саны жана сарпталган каражат / м-н | 5/ 167500 | 3/ 152000 | 2-/ 15000- |
|
2 | Өткөрүлгөн маданий иш-чаралардын саны жана сарпталган каражат / м-н | 6/84000 | 5/64000 | 1-/20000- |
|
3 | Республикалык бюджеттен курулушу каржыланган (же каржыланып жаткан) обьекттердин саны | 2 | 6 | 4+ |
|
4 | Үлүштүк гранттардын эсебинен ишке ашырылып жаткан долбоорлор | 0 | 3 | 3+ |
|
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниннпалдык менчик департаменты:
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде штат боюнча жалпы - 8 кызматкер бекитилген. 1 департаменттин башчысы, 1 башкы бухгалтер, 1 башкы адис, 1 жетектөөчү адис, 1 оператор-катчы, 1 завхоз, 1 кароолчу, 1 техникалык кызматкер.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине 2017-жылдын 9 айында жогорку органдардан жана мекеме уюмдардан 128 кат, жарандар тарабынан 980 арыздар түшкөн. Алардан 600 арыз турак жай куруу учун жер участогун берүү жөнүндө 380 арыз ар турдуу жер тилкелерин ижарага алуу жана башка ар турдуу маселелер жөнүндө. Арыз жана каттарга оз убагында жазуу турундо жооп берилген.
Департаменттин негизги аткаруучу функциясы- муниципалдык менчикти эксплуатациялоо, башкаруу, сактоо, көбөйтүү жана жергиликтуу бюджетти толтуруу болуп саналат.
2017-жылдын жыл ичинде жергиликтуу калктын маселесин чечуу, шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ар тараптуу өсүп онугушун камсыздоо боюнча бир топ иш аракеттер жасалды. Айрыкча, шаардын жана айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга багыт алынды.
Исфана шаардык кенешинин V чакырылышынын кезектеги III сессиясынын 2017-жылдын 20-февралындагы №3/2-токтому менен бекитилген Исфана шаарынын 2017-жылга карата өнүгүу программасына киргизилген жана башка иш-чаралар боюнча томонку жумуштар аткарылды:
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департамента тарабынан даярдалган иш кагаздары (токтом. тийиштуу республикалык. областтык. райондук мекеме-ишканалардын корутундулары. схемалары. карта-лары ж.б.) жана аткарылышы кезомолго алынган объектилер:
-Республикалык бюджеттин эсебинен Мурза-Патча айылында суммасы 12 000 000 сом болгон 40 орундуу балдар бакчасынын имаратынын;
-Исфана шаарында "Ас-Сафа" борбору коомдук бирикмеси каржылоосу менен суммасы 40 000 000 сом болгон мектеп- интернатынын имартынын, жер тилкесин бир категориядан бир категорияга (трансформациялоо) которуу, муниципалдык менчикке каттоо боюнча;
-Кара-Таш айылында республикалык бюджеттин эсебинен суммасы 22000000 сом болгон 50 орундуу балдар бакчасынын имаратынын;
-Голбо айылындагы орто мектептин 270 орундуу спорт залы менен жаны имаратынын 36 000 000 сомдук республикалык бюджеттин эсебинен курула турган имаратынын;
-Голбо айылына спорттук зал жана 50 орундуу, жалпы суммасы 21 826 170 сом болгон балдар бакчасынын имартынын;
-Мырза-Патча айылына аймактык өзүн өзү башкаруу комитетинин торагасына жана тескөөчүнө кенсесинин:
-Мырза-Патча айылындагы Д.Джороев атындагы орто мектебинин чатырын алмаштыруу боюнча;
-Исфана шаарынын аймагана коюлган 7 трансформаторлордун;
-Исфана шаарына караштуу Самат айылындагы жалпы суммасы 18 000 000 болгон 70 орундуу балдар бакчасынын имаратынын;
-Исфана шаар мэриясынын аймагындагы орто мектептерге жана Чимген айылындагы "Алтын-Бешик" балдар бакчасына ажаатканаларды куруу боюнча;
-Исфана шаар караштуу Чимген жана Ак-Булак айыддарына таза суу түтүктөрүн курууга;
-Чимген айылына кичи футболдук аянтча куруу боюнча;
-Кара-Таш-Беш-Бала айыддарына жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү куруу боюнча;
-Исфана-Сүлүктү-Кайрагач жана Исфана шаарындагы Тоголок-Молдо, Восточная, Туракулбай-Ата унаа жолдорунун капиталдык курулуш иштери башталып, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине туура эмес курулган курулуштар жана эгилген бак дарактар алдырылып унаа жол курууга шарттүзүлүу боюнча.
-Экинчи кичи районундагы Манас көчөсүндөгү 181 775 сом болгон калкты таза суу менен камсыздоо боюнча жаны линиянын курулушу боюнча;
-Исфана шаарындагы Самат Садыков атындагы эс алуу багын Исфана шаар мэриясыныа өткөрүү боюнча (бугүнкү күндө департамент тарабынан инвентаризация иштери жүргүзүлүп жатат);
-Исфана шаарынын Госспецхоз участкасынын чыгыш тарабынан 535-контурунан 13 га жер тилкесин Исфана шаарынын мэриясынын аймагындагы калкты турак-жай салуу үчүн жер муктаждыгын чечуу максатында айыл чарба категориясынан калктуу конуш категориясына (трансформациялоо) которуу боюнча.
Исфана шаар мэриясына талаш-тартыш жерлер боюнча катталган арыздардын негизинде тийиштуу комиссия курамы тузулуп, жайында барып чечуу боюнча иш аракеттер оз учурунда аткарылууда.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департамента тарабынан Исфана шаар мэриясынын бюджетин толтуруу максатында 2017-жылдын 15-августунда ачык аукцион өткөрүлүп, Исфана шаар мэриясынын аймагындагы жер тилкелеринен сатуудан 704 426 сом ижарадан 67 288 сом Исфана шаар мэриясынын эсебине түшүрүлдү.
Муниципалдык менчик департаментинде муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдөн - 134 100 сомду тузгон жана Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин жеке менчикке сатуудан 816 600 сомду тузгон, жалпысынан алганда Исфана шаар мэриясынын жергиликтуу бюджетине суммасы 950 700 сомду тузгон киреше түшкөн.
Аскердик каттoo жана мобилнзацнялык даяпдык боюнча:
Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы чыгыш №05/1895 катын аткаруу боюнча 2017-жылдын 4-январынан 28-февралына чейин 2001-жылы торелгон уландарды аскердик эсепке алгачкы каттоо иштери өткөрүлдү. Мэриянын аймагында жайгашкан орто мектептердин жана окуу жайларынын директорлору, аскердик башталгыч тарбия жетекчилери менен бирдикте уландардын өздүк делолору даярдалып, көрсөтүлгөн фафик боюнча медициналык комиссияга келүүсү камсыз кылынды. 2001-жылы туулган 204 улан аскердик эсепке алгачкы каттоодон өтүштү. Кандайдыр бир себептер менен аскердик эсепке катталбай калган атуулдарды аныктоо иштери аймактык озун озу башкаруу комитетеринин торагалары жана райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык инспекторлору менен бирге жүргүзүлдү.
Жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо боюнча иш пландарынын алкагында Советтик Куралдуу Күчтөрдүн Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 28 жылдыгына карата жоокер-интернационалисттерди урматгап сыйлоо иш-чаралары түзүлүп, мектеп окуучулары, окуу жайларынын студентгери менен Ооган согушунун жана башка согуштук аракеттердин ардагерлеринин жолугушуулары өткөрүлдү.
23-февраль - Мекен Коргоочусу Күнүнө арналган иш-чаралардын мэриянын аймагында жайгашкан орто мектептердин окуучулары жана окуу жайларынын студентгери менен аскерде кызмат кылып келген уландардын жолугушууларын өткөрүү макулдашылып, уюшулган денгээлде өткөрүлдү. Орто мектептеринин окуучулары аскер кызматы жөнүндөгү кызьнсгырган суроолоруна жооп алышты.
Улуу Жециш Күнүнүн 72 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин урматтап-сыйлоо боюнча иш-чаралары уюшкандыкта өткөрүлдү. Исфана шаарынын аймагында жайгашкан мектептердин, окуу жайларынын эмгек жамааттары, окуучулар жана студенттер активдүү катышышты. Ар бир ардагер боюнча өзүнчө иш-чара алып барылды.
2017-жылдын март-май айларында жарандарды кыска меөнөттүү аскердик жана альтернатавдик кызматтарга чакыруу боюнча аскер комиссариатынан алынган нарядды аткаруу учун 518 чакырылуучунун аскердик каттоо маалыматгары такталып, 21 чакырылуучу аскердик кызматка, 35 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакырылуу үчүн алдын ала тандалып алынды. Кыска мөөнөттүү аскердик кызматка 8 улан, альтернатавдик кызматка 58 улан чакырылып, аскер комиссариаты тарабынан коюлган наряд толук аткарылды.
1-4 июнь күндорү мэриянын кабарлоо участогунун өздүк курамы КМ Башкы уюштуруу мобилизациялык башкармалыгынын башчысынын планы боюнча өткөрүлгөн тактикалык-саптык машыгууларга катышты. Резервдик түзүлмөлөрдү пракгикалык жыйноо боюнча берилген көрсөтмө так аткарылып, аскерге милдеттүүлөр өз убагында кабарланды.
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдеттери жөнүндо, аскердик жана альтернативдик кызматтар жонүндөгү» Мыйзамына озгортүүлөр жонүндө
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Башкы уюштуруу мобилизациялык башкармалыгынын өкүлдөрү катышкан түшүндүрүү иштери чакырылуучулардын ата-энелери, аскердик башталгыч тарбия мугалимдеринин катышуусунда өткөрүлдү.
2017-жылдын сентябрь айында жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматгарга чакыруу боюнча аскер комиссариатынан алынган нарядды аткаруу учун 503 чакырылуучунун аскердик каттоо маалыматтары такталып, 21 чакырылуучу аскердик кызматка, 25 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакырылуу үчүн алдын ала тандалып алынды. 12 чакырылуучу кыска мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылды.
2017-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейин мэриянын аймагындагы альтернативдик кызмат өтөөчүлөрдөн Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин эсебине 529 680 сом, Кыргыз Республика-сынын Чек ара Кызматынын эсебине 144 920 сом, жалпы 724 600 сом өткөрүү камсыз кылынып, көрсөтулгөн план толук аткарылды.
Өзгөчө кырдаалдар тармагы боюнча:
Иш-пландар түзүлүп, Исфана шаарынын жетекчилиги тарабынан бекитилген. 2017-жылдын тогуз ай ичинде Исфана шаарына караштуу айыл, кыштактардын кооптуу 12 участкаларына карта схемалары, чиймелери чийилип, фото сүрөттөрү алынды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине катгар жөнөтүлдү. Жогорку органдардан келген ар кандай билдирүү, каттарды оз убагында тийиштүү адистерге, айыл башчыларына жеткирилген.
Исфана шаар мэриясы атайын кырсыктын алдын алуу максатында Исфана шаарынын жана айылдардын кооптуу участкаларында сайлардын жээктерин сүрүп, тазалап, сайлардын жээктерине 5000ден тал-теректерди отургузуп, бекемдөө иштерин жүргүздү, шаарга караштуу баардык айыл, кыштактардын ички-тышкы көчөлөрүнө грейдр жүргүзүлүп, жолдордун четине кувейттер ачылды.
2017-жылдын май, июнь айларында болгон табигый кырсыктан (селден) жабыр тарткан шаардын, айылдардын ички-тышкы 15 км. көчөлөрү, арыктардын баштары Исфана шаар мэриясы, "Лейлек-Тазалык" муниципалдык ишканалары тарабынан калыбына келтирилди.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айлана-чөйрөнү изилдөө департаментинин корутундусунун негизинде 12 кожолуктан 8 кожолугу коопсуз жерден участок алышты.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Тайлан айылында 300 метр, Корук участкасында 170 метр, Жаңы-Конуш участкасында 300 метр жана Беш-Бала айылында 120 метр жер механикалык тазаланып, Тайлан айылыга 200 даана, Исфана шаарынын Корук участкасына 160 даана, Жаңы-Конуш участкасына 200 даана жана Беш-Бала айылына 100 даана габион торчолорун берди. Исфана шаар мэриясы эксковатор берип жана "зуб" жасаганга эл менен биргеликте иш алып барууда
Исфана шаар мэриясынын курулуш, коммуналдык-суу чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча 2017-жылдын тогуз айында жүргүзүлгөн иштери, 2016-жылдын алты айына салыштырмалуу
Исфана шаар мэриясынын иш-кагаздары жана уюштуруу иштери боюнча:
№ |
| 2016-жылдын 9 айында | 2017-жылдын 9 айында |
|
1 | Жогорудан келген каттар | 56 | 54 | -2 |
2 | Мекеме уюмдардан келген каттар | 13 | 11 | -2 |
3 | Арыздар | 41 | 16 | -26 |
4 | Чыгыш каттар | 56 | 66 | + 10 |
Исфана шаар мэриясынын аппарат кызматкерлеринин эмгек тартиби көзөмөлгө алынды, ошону менен бирге аппарат кызматкерлеринин жана аппарат жетекчисине тиешелүү болгон иш кагаздары жүргүзүлдү, шаар мэриясынын календардык иш планынын долбоору иштелип чыгылды жана иски и при. I.т. аткарылышы көзөмөлгө алынды
Нормативдик укуктук документацияларынын сакталышы системалаштырылды жана тиешелүү кагаздар менен оз убагында камсыздоо иштери такай алынып барылды.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттери менен биргеликте көчөлөрүндүн аттары, үйлөрдүн номерлери такталып, мамлекеттик катгоого тапшырылды. Участкалык шайлоо комиссияларынын материалдык-техникалык жактан камсыз кылынып, шайлоо 2017-жылдын 15-октябрь күнү жогорку денгээлде өткөрүлдү, кемчиликтер боюнча кайрылуулар болгон жок.
Жарандарды каттоо, каттоодон чыгаруу белгиленген тартипте жүргүзүлдү, жарандарды маалымдамалар менен камсыздоо "Бирдиктүү терезе" аркылуу жүргүзүү системалаштырылды.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген моонот боюнча Исфана шаар мэриясынын 2011-2015-жылдар боюнча чарба китептери жана Исфана шаар мэриясы тарабынан 2011-жылы кабыл алынган токтомдор жана чыгарылган буйруктар архивге акт аркылуу тапшырылды, сын-пикир болгон жок.
Исфана шаар мэриясынын дээрлик бардык иш чаралары аппарат жетекчисинин көзөмөлүнөн өткөрүлдү. Тиешелүү комиссиялардын иштери уюштурулду, а.и. 4 жолу конкурстук комиссиянын отуруму өткөрүлүп, "Исфана таза суу" муниципалдык ишканасынын башчысы, ушул эле ишкананын башкы эсепчиси, шаар мэриясынын юриста, уюштуруу иштери боюнча жетектөөчү адистери, муниципалдык менчик ишканасынын башкы эсепчиси, ветинспекторадиси бош кызмат орундарына кызматкерлер тиешелүү жетекчиликке сунушталып, алар бүгүнкү күндө иштеп жатышат. Исфана шаар мэриясында административдик кызмат орунунда вакант жок. Бүгүнкү күндө Исфана шаар мэриясында 24 негизги штаттык бирдиктер, 2 аскердик эсеп кызматкери, 14 айыл башчы, 7 маданият тармагын тейлөөчү кызматкерлер эмгектенишет.
Структурага ылайык кызматкерлерди баалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Исфана шаар мэриясы тарабынан 2017-жылдын 9 айында 130 токтом, кабыл алынды, ал эми ушул эле мезгил ичинде 213 буйрук чыгарылды.
Шаар мэриясы тарабынан жарандардын үй бүлөсүнүн курамы жана жашагандыгы тууралуу 13 103 жаранга, ал эми көзү өткөн 80 жаранга форма 50 маалымдамасы берилди. 432 чет өлкөлүк жана башка облустун жарандары убактылуу катгоого алынды. 3 130 жарандын ички паспорту катталды, 201 жаран каттоодон чыгарылган. Ушундай иш кагаздары менен жалпысынан 16 946 жаран камсыздалды.
2017-жылдын 9 ай ичинде 219 жаран оозеки кайрылуулар менен мэрдин жана вице-мэрдин кабыл алуусунда болушкан.
2017-жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган жумуштар боюнча 2016-жылдын тогуз айына карата салыштырмалуу маалымат:
Аткарылуучу иштердин аталышы | 2016-ж. 9ай | 2017-ж. 9ай | айырмасы, толуктоолор | ||||
Кабыл алынган токтомдор | 97 | 130 | +33 | ||||
Чыгарылган буйруктар | 270 | 213 | -57 | ||||
Жарандарга берилген маалымдамалар | 14074 | 13103 | -971 | ||||
Көзү өткөн жарандарга берилген справка ф-50 | 72 | 80 | +8 | ||||
Убактылуу каттоого алынган жарандар | 633 | 432 | -201 | ||||
Катгалган жарандардын ички паспортгору | 1340 | 3130 | + 1790 | ||||
Каттоодон чыгарылган жарандар | 158 | 201 | +43 | ||||
Өткорүлгөн конкурстар | 5 жолу | 4 жолу | 6 кызматкер 2017-ж жумушка алынды | ||||
Негизги штаттык бирдиктер | 2(1(4) | 20 (4) | 01.10. 2017-ж. к-та вакант жок |
| |||
ВУС инспекторлору | 2 | 2 | - |
| |||
АӨӨБКинин төрагалары | 14 | 14 | - |
| |||
Маданият тармагын тейлөөчү кызматкерлер | 7 | 7 | - |
| |||
Муниципалдык менчик департаменти | 5 | 6 | - |
| |||
Транспорт, коммуникация жана соода департаментинде | 2 | 2 | - |
| |||
Коомдук уюмдарда | 4 | 4 | - |
| |||
Жогорку органдардан келген иш кагаздары | 1251 | 850 | -401 |
| |||
Катталган жарандардын арыз-даттануулары | 1148 | 1559 | +411 |
| |||
Чыгыш каттар | 1094 | 897 | -197 |
| |||
Оозеки арыздар менен кабылдамада болгондо | 191 | 219 | +28 |
| |||
Исфана шаар мэриясынын алдындагы "Лейлек-Тазалык" муниципалдык ишканасы
боюнча
"Лейлек - Тазалык " муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө 21 кызматкер эмгектенет анын ичинен 4 жооптуу кызматкер; 5 айдоочу; 7 жумушчу; 3 тейлөөчү кызматкер; 2 багбан эмгектенишет.
"Лейлек -Тазалык" муниципалдык ишканасы негизинен Исфана шаарынын санитардык абалын кароо шаардын көрктөндүрүү жагы шаардын түнкү жарыктарын жана келишим түзгөн мекеме ишканаларын тейлейт. Бүгүнкү күндө 9 даана техникасы бар, жогорудагы техникасы бар жогорудагы техникалардын жардамы менен шаардын ички жолдоруна шагыл тошоо сайларды тазалоо жумуштарын аткарат. 2017-жылдын Ш-кварталында "Лейлек Тазалык" муниципалдык ишканасы төмөнкүдөй жумуштарды аткарды: Кыш күндорү шаардын ички жолдоруна кар кеп жаап тайгак болгон убактарда коопсуздукту сактоо максатында оз убагында шлак жана туз материалдарын себип турду. Ал учун 57 рейс шлак, 600 кг туз себилип, МТЗ 82/1 эксковаторуна атайын кар сүрчүүнү орнотуп, жааган карларды оз убагында сүрүп тазаланды, бардыгы болуп 239 150 сом акча каражаты жумшалган. Март айынан жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында бак-дарактарды актоо жумуштарына 1700 айыл башчыларына жана шаардын көчөлөрүндөгү бак-дарактарга 200 килограмм аки таш сарпталды бардыгы болуп 1т.700 кг., 42 500 сом акча каражаты сарпталды. Шаардын борбордук көчөлөрүнө майрам жана даталуу күцдөргө байланышкан маалыматгарды ураандарды чагылдырган лозунгдар үчүн 200 м2 банер алынып, ал үчүн 69 920 сом акча каражаты сарпталды. Шаардын көчөлөрүн тазалыгын сактоо максатында март, апрель, май, июнь айында шаардын борбордук көчөлөрүнө суу себүү иштерине жана жаны отургузулган арча кочоттөрүнө 581 рейс суу ташылып ар бир машинасы 6500 литрден 3776,5л суу пайдаланып 816 886 сомдук акча каражаты сарпталды. 2017-жылга 1125 жеке кожолуктар менен келишим түзүлгөн мындан сырткары 58 мекеме уюмдар менен келишим түзүлүп, белгиленген график боюнча күнүгө 4 рейстен таштанды алынып чыгууда бардыгы болуп 9 айга 896 рейс 4032 мЗ таштанды ташылды. Шаардын борбордук көчелөрүндөгү жана айылдагы орнотулган түнкү жарыктарды дайыма көзөмөлгө алынып, иштебеген жерин дайыма ондоп иштетип турулду. Ошондой эле шаарды көрктендүрүү жана жашылдандыруу максатында шаардын И.Разаков жана Кошмуратов көчөлөрүңдөгү коп жыл жашап картайып калган чоң кок теректерди Экологдордун берген корутундусунун негизинде кесип ордуна Саркент жаратылыш паркы менен келишим түзүлүп, март айында 400 түп можжевельник көчөтү. 250 туп Тянъ-Шан ели отургузулуп, бардыгы 441 000 сом акча каражаты сарпталды. 60 түп роза көчөттөрү алынып шаардын борбордук көчөлөрүнө отургузулду. Ушул отургузулган көчөт жана гүлдөргө өз убагында чөбүн жулуп, суу куюлуп жана жер семирткичтерин салып каралууда. Жаны таштанды таштоочу жайды, тосмолорун даярдап эки жагын айлантып зым тор менен тосулду. Бул жумушту аткарууга 117 624 сом акча каражаты жумшалды. Исфана шаарынын ичиндеги түнкү жарыктар электро кобралар үчүн 19 даана х 2500 сомдон = 47 500 сом акча каражаты жумшалды. Лабароториялык тскшерүүдөн огүү үчүн 40 000 сом акча каражаты жумшалган. Ошондой эле Исфана шаарына караштуу мектептердин жана балдар бакчасынын каттуу жана суюк таштандыларын алынууда. Тогуз ай ичинде 47 рейс суюк таштанды алынды.
2017-жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган жумуштар боюнча 2016-жылдын тогуз айына карата салыштырмалуу маалымат:
№ | Аткарылган иштердин аталышы. | Өлчөмү. | 2016-ж 9-айга карата. | 2017-ж 9-айга карата. | Айырма. ( +,-) |
1 | Тейлснгсн жеке кожолуктар | саны | 821 | 1125 | +304 |
2 | Тейленген мекеме ишканалар | саны | 37 | 58 | +21 |
3 | Даталуу күндөргө лозунг чыгаруу. | сом | 57500 | 69920 | +12420 |
4 | Шаардын көчөлөрүнө суу себүү. | сом | 329961 | 426018 | +96057 |
5 | Чыгарылган таштандылар. | МЗ рейс | 5634 (1461 рейс) | 4032 (896 рейс) | -1602 -565 |
6 | Түнкү жарыктандыруу. | сом | 647 910 | 197 500 | -450410 |
7 | Кыш мезгилинде туз,шлаг себүү. | сом | 325750 | 239150 | -86600 |
8 | Бак дарактарды актоого акиташка. | сом | 30000 | 42500 | +12500 |
9 | Айлык акыга. | сом | 1197867 | 1827007 | +790900 |
10 | Күйүүчү май (ГСМ) | сом | 603266 | 872745 | +269476 |
11 | Унаа тетиктерине | сом | 171450 | 137000 | +34450 |
12 | Ар түрдүү чыгымдарга | сом | 425533 | 700000 | +274467 |
13 | Соцфондго чегерүүлөр | сом | 206599 | 299200 | +92601 |
14 | Салыктар үчүн, | сом | 61207 | 102390 | +41183 |
15 | Электр энергия чыгымдарына | сом | 205300 | 358900 | +153600 |
16 | Жашылдандыруу (Можжевельник жана Тян-Шанский ель) | сом | 373500 | 441000 | +67500 |
Исфана жайыт комитети боюнча:
2017-жылдын биринчи кварталында жайыт жерлеринде жайгашкан короо жайларда жайгашкан малдардын санын так алып, малчылар менен жайытты унөмдүү пайдалануу боюнча келишимдерди түзүп, Беш-Кудук, Темич-Кол.Шор-Булак, Too- Жайлоо, Кутчу, Шапкырт жайыттары боюнча мониторинг жүргүзүп чыктык.
Кыркымкана жайыт участкасы боюнча 2016-2017жылга АРИС тарабынан каржыланган малдарды бышуучу жана жүн кыркуучу жайды капиталдык ремонттон өткөрүү иштери жүргүзүлүп 776 930 сомго тендер жүргүзүлүп АРИС тарабынан 547 ОООсом жамаат тарабынан 163 000 сом сарпталды.
Ала-Тамыр жайыт участкасынын боюнча 2016-2017жылга АРИС тарабынан каржыланган скважинаны капиталдык ремонттон өткөрүү иштери жүргүзүлүп сомго тендер жүргүзүлүп АРИС тарабынан 354 000 сом жамаат тарабынан 122 000 сом сарпталды.
Жайытка баруучу жолдор техниканын жардамы менен оңолуп дехниканы иштетүү учун чыгымдар 7000 сомду түздү.
2017-жылдын тогуз айына 5 551 795 бюджегин аткарылышы 357 000 сомду түзүп, Социалдык фондго 15 000 сом, подоход налогко 4 200 сом, жергиликтуу жер салыгына 69 000 сом жайыттарга барып малчыларга жайыт пайдалануунун графиктерин түшүндүрүп мал сандарын тактап мониторинг жургузуу учун транспорт акысына 13 000 сом, жарыя учун 3 000 сом, айлык акыга 55 600 сом сарпталды жана Исфана шаар мэриясынын жайыттар төлөмдөрү боюнча резервтик эсебине 115 000 сом чегерилди. Исфана шаар мэриясынын деңгээлинде өткөрүлүп туруучу маарекелерге жайыт комитета да салымын кошуп активдүү катышууда,
Исфана шаарынын мэриясына караштуу "Исфана-таза суу" муниципалдык ишканасынын 2017-жылдын тогуз ай ичинде аткарган иштери боюнча
"Исфана таза суу" муниципалдык ишканасына 2017-жылда тогуз ай ичинде Исфана шаарынын тургундарынан келип түшкөн арыздардын саны 74 (2016-жылы катталган эмес).
2017-жылдын тогуз ай ичинде элден түшкөн төлөнүүчү төлөмдөр 1 416 249 сом, коммерциялык точкалардан 121 747 сом, Бюджеттик мекеме, ишканалардан 154 496 сом жана суу түтүгүн кошуу, ондоп түзөө иштеринен 210 450 сом, башка кирешелер 3570 жалпы суммасы- 1 906 512 сомду түздү. Эмгек акысына, соцфондго, салыктарга, коммуналдык иштерге, транспорттук пайдаланууга административдик иштерге, ондоп-түзөө иштерине жалпысынан 1 759 453сом чыгымдалган.
Лесная көчөсүндө скважинада насос ремонттолуп, кайрадан орнотулду (24 000 сомдук).
"Ас-Сафа" балдар интернатына узундугу 500 метрге суу түтүгү тартуу үчүн казуу жана монтаждоо иштери жүргүзүлдү (31 300 сомдук).
Тарифтер мыйзамдаштырылып, монополияга каршы жөнгө салуу башкармалыгы тарабынан бекитилди.
Экинчи кичи районунун Эгембердиев жана К.Кундузов көчөлөрүңдө суу буруучу задвижкалар алмашып, керектүү жерлерге ремонттолуп коюлду (10 000 сомдук).
Тоголок Молдо көчөсүндөгү экинчи кичи районунда авария болуп, d =200мм 8метр суу түтүгү алмашылды (7 500 сомдук).
«Исфана таза суу» муниципалдык ишканасына караштуу суу резервуарлары тазаланып, санитардык сапатын жакшыртуу боюнча хлорлонду. Жогоруда аталган ишканага караштуу суу түтүктөр күн сайын ремонттолуп элди ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча оз убагында жумуштар аткарылып, көзөмөлдөнүүдө (45 000 сомдук).
Тоголок Молдо көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы 12 кожолукту суу менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер журуп, аталган көчөдө суу түтүктөрүнө чункур казылып, жогоруда аталган көчөнүн тургундары таза суу менен камсыз болушту. (Ашар жолу менен 45 000 сомдук).
2017-жылдын апрель жана май айларында "Исфана таза суу" муниципалдык ишканасы менен таза суу пайдалануучулар ортосунда келишим дер 97 % түзүлдү.
Голбо айылындагы суу түтүктөрү текшерилип чыгып, арыз даттануулар боюнча 170 м. d =25 мм суу түтүгү жаңыланды (6400 сомдук).
Суунун акчасын төлөбегөн көчөлөрдүн суу түтүктөрү жабылып салынды, ошондой эле суунун акысын төлөбөгөн 14 жарандын кранттары акттын негизинде кесилип, суу берүү токтотулду.
Төө жайлоо- Тегирменти суунун башына барып, дренаждык трубаларды ремонттоо жана тазалоо жумуштары аткарылды. Андан сырткары жогоруда аталган линияда ондоо жумуштары жүргүзүлүп жатат (15 000 сомдук).
Тоголок Молдо көчөсүндө рейд жүргүзүлүп, сугат суу иретинде пайдаланган 2 жарандын кранты акттын негизинде токтотулду.
Баланска алуу иштери жүрүп, Каптаркана-Тайлан-Узун Сай линиясы боюнча жумуштар башталып резервуарга чейинки абал менен таанышылды.
Сапам Бава көчөсүндөгү 160 метр аралыкта жаны линия тартылып, сууга болгон койгой чечилди (12800 сомдук).
Восточная көчөсүндогү скважинанын 2 задвижкасы ондолуп, ошол эле көчөдөгү суу буруучу задвижкасы колодец менен бирге орнотулду.
2017-жылдын май айында Заманбап интернет жана телефон жабдуулары менен камсыздалды өзүнүн электрондук почтасын ачты. isfana.lazasuu@mail.ru
Чимген айылынын Корук көчөсүнө 200 метрге суу түтүгүн тартып, элди таза суу менен камсыз кылуу максатында демөөрчүлөр тарабынан 12 000 сом "Исфана Таза Суу" муниципалдык тарабынан 10 130 сом жана көчонүн тургундары тарабынан ашар жолу менен 3000 сом, жалпы сметасы231 130 сом.
"Исфана таза суу муниципалдык" ишканасынын экинчи кичи районундагы суу кампасына 1998-жылдан бери иштебей келе жаткан скважина Кувейт мамлекетинен Назар Аль-Насафтын атынан ондолуп тазаланып, кубаттуулугу 11 ква болгон терендиктен суу тартуучу 8 насос орнотулду жана хлорлоо жайы ондолуп берилди.. Жалпы суммасы 600 000 сомду түзгөн бул долбоор экинчи кичи районунун элини таза суу менен камсыз кылуу максатында муниципалдык ишкана тарабынан 45 100 сом сарпталды.
Биринчи кичи районунун Восточная көчөсунун 15 кожолугун суу менен камсыз кылуу максатында 200 метр суу түтүгү тартылып, элди таза суу менен камсыз кылынды (8000 сом).
Восточная, Салам-Бава, И.Раззаков, Пилол, Пулон, Жаны абад, Чынар, Эгембердиев көчөлөрүндө ремонт иштери жүргүзүлдү.(5000 сомдук)
Эчки баш участкасындагы ремонт иштери (2000 сомдук).
"Исфана таза суу " муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине Евро банктын экология адистери тарабынан семинар тренинг өткөрүлдү.
"Береке" базарына, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана райондук ички иштер бөлүмүнө орт гидранттары үчүн диаметри 32 жана 50үк суу түтүктөрү 160 метрге тартылды жана ошондой жумуштар «Лейлек» базарында уланып жатат.
Исфана шаарынын мэри: | А.Д. Анарботоев |