Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 05-ноябры №1
Акназаров айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын IV - кварталында Билим берүү бөлүмүндө Токтогон Мүзүралиев атындагы толук эмес орто мектебиндеги салынып жаткан жылытуу системасына жетпей жаткан акча каражатын. ТЖБда Урмарал айлына ар кандай чыгымдарга бөлүнгөн акча каражатынан жылдыруу жөнүндөгү маселени карап чыгып талкуулап Акназаров айыл аймагындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айылдык аймагынын айыл өкмөтүнун бөлүм башчысы Т. Жанкорозова аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. 2013-жылдын IV-кварталындагы Билим беруу бөлүмүндөгү Токтогон Мүзүралиев атындагы толук эмес орто мектебинин ар кандай чыгымдар статьясына (2215) 2013-жылдын IV-кварталындагы ТЖБ Урмарал айылына бөлүнгөн ар кандай чыгымдар статьясынан (2215) 36.0 мин сом акча каражаты жылдырып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кенештин финансы комитетинин төрагасы Э. Байбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | К. Жорготаев |
|
|