Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-декабры №2
Жер кодексинин 18-беренесннин 4-пунктуна ылайык Акназаров айыл округунун 06.10.2013-ж №195 чечиминин негизинде, Акназаров айылдык округундагы калк жайгашкан айылдарынын чек араларын белгилеген, "Кыргызмамжердолбоор" мамлекеттик институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарын карап чыгып Акназаров айыл Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата районун Акназаров айыл округундагы калк жайгашкан айылдарынын чек араларынын белгилөө долбоору боюнча "Кыргызмамжердолбоор" мамлекеттик институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдары бекитилсин.
2. Бакай-Ата райондук мамлекеттик кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгына ушул материалдардын негизинде тиешелүү каттоо эсебине тактоо киргизүү суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Акназаров айыл округунун башчысына милдеттендирилсин.
Тѳрага | К. Жорготаев |
|
|