Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты №126
Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылдын бюджетин кабыл алуу жөнүндө Өмүралиев айылдык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма алчынчы кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айылдык аймагыны айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетин аткарылышын кабыл алынсын.
2. Өмүралиев айылдык аймагыны айыл өкмөтү 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 6 507700 миң сом жана чыгаша боюнча 6 507 700 миң сом белгиленсин.
3. Өмүралиев айылдык аймагыны айыл өкмөтү 2016-жылдагы бюджетинин киреше булагы №1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө тураганы аныкталсын.
4. Өмүралиев айылдык аймагыны айыл өкмөтү 2016-жылдагы чыгаша бөлүгү боюнча №2 тиркемеге ылайык чыгаша булактардан турары белгиленип бекитилсин.
5. Өмүралиев айылдык аймагыны айыл өкмөтү 2016-жылга бюджетинин накталай кассалык жүгүртүү акча каражаттарынын көлөмү № тиркеменин негизинде бекитилсин.
6. Өмүралиев айылдык аймагыны айыл өкмөтү 2016-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү №4 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
7. 2016-жылга карата, Өмүралиев айыл өкмөтүнүн резервдик фонд түзүлсүн жана КР 2009-ж. 20-июнундагы №239 “Жарандык коргоо боюнча” 120,0 сом акча каражатты бекитилсин №5 тиркеме тиркелет.
8. Өмүралиев айылдык аймагыны айыл өкмөтү 2016-жылга карата атайын каражатына киреше бөлүгү боюнча 546 000 миң сом өлчөмүндө, чыгаша бөлүгүбоюнча 546 000 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Ата-энелер төлөмү боюнча ар бир балага 340 сомдон ремонт иштери үчүн бекитилсин.
10. Өмүралиев айылдык аймагыны айыл өкмөтү 2016-жылга карата, Өмүралиев айыл өкмөтүнүн аппаратындагы иштеген кызматкерлердин эмгек акысы КР Өкмөтүнүн №403 2013-жылдын 08-июль айындагы токтомдун негизинде аныкталып, типтүү штаттык бирдиктин саны 14 штаттык бирдик. Бир айлык эмгек акысы 104260 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. Өмүралиев айылдык аймагынын айыл өкмөтү 2016-жылга карата, Өмүралиев айыл өкмөтүнүн аппаратындагы иштеген кызматкерлердин эмгек акысы КР Өкмөтүнүн №16 2011-жылдын 19-январындагы токтомдун негизинде, 5 штаттык бирдик, бир айлык эмгек акысы 26 050 мин, сом өлчөмүндө бекитилсин.
12. Өмүралиев айылдык аймагынын айылдык кеңешинин токтому туура жана так аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү, айылдык кеңештин "айыл чарба, экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
13. Өмүралиев айылдык аймагынын айылдык кеңешинин чакырылышынын сессияда депутаттардын 2016-жылга бюджетин бекитүүгө каралган пикир келишпестиктер КР финансы министрилигинен суралсын.
14. 2016-жылга социалдык экономикалык планы бекитилсин.
15. 2017-2018-2019-жылдарга бюджетинин көлөмүнүн 2017-жылга 6922,2 миң сом, 2018-жылга 7 340,7 миң сом, 2019-жыога 7 190,7 миң сом бекитилсин.
16. Айыл аймагынын мекеме уюмдарына жыл ичинде каржылоо чыгымдарын бир тармактан экинчи тармакка, беренеден беренеге жана чейректен чейреке жылдыруу жагы финансы бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж. Сагыналиев |
|
|