Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 9/3
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө таандык жер казынасын пайдалануу укугу боюнча лицензиядан кошумча түшкөн каражаттан, Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетине АРИС тарабынан каржыланып жаткан акча каражатынын 0,5% өздүк салымына, 2017-жылга карата техника алууга 200 000 (эки жүз миӊ) сом акча каражатын калтыруу жөнүндө
Г. Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин депутаттары, сессияда жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө таандык жер казынасын пайдалануу укугу боюнча лицензиядан кошумча түшкөн каражаттан, Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетине АРИС тарабынан каржыланып жаткан акча каражатынын 0,5% өздүк салымына, 2017-жылга карата техника алууга 200 000 (эки жүз миӊ) сом акча каражаты калтырылсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
Төрайым | Г. Аттокурова |