Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-январы №7
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июль "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" 451 сандуу токтомуна ылайык Талас раионунун Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын биринчи кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймагынын калкынын (6069 миң адам) жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Айылдык аймактын администрациялык борбору болуп саналган калктуу пункттан тышкары ар бир калктуу пунктту жетектөөчү адистин деңгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинен "Айыл башчысы" (айылдын старостасы) кызмат орду (1 штаттык бирдик) бекитилсин;
3. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо ЗООдөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2 штаттык бирдик) бекитилсин;
4. Айылдык аймагынын калкына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги 10 штаттык бирдик болгондугуна байланыштуу , дагы жер, турак-жай коммуналдык маселелер боюнча адис (1 штаттык бирдик)бекитилсин;
5. Бекитилген айыл өкмөтүнун типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Талас райондук каржы бөлүмү (Досманбет уулу Докдурбек)тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын;
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талас раионунун Өмүралиев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Исманова Загира Жузупбаевнага жүктелсүн.
Тѳрага | У. Алмолдоев |
|
|