Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 08-февралы №11
Жеке ишкер Молдоярова Дамира Батыркуловна 2002-жылдан бери өзү туулуп өскен Манас айылынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө, жетим, жесирлерге материалдык жана азык-тулук жактан жардам берип келет. "Энелер", "Улгайган адамдар", "Майыптар" күндөрүндө жана айыл айылда өткөрүлгөн ар кандай иш чаранын аткарылышына 100-150 миң сомго чейин колдоолорду азыркы убакытка чейин такай көрсөтүп, Өмүралиев айылдык аймагынын социалдык инфракстурасын жогоруулатууга кошкон чон, салымдарын талкуулап чыгып, Өмүралиев айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын үчүнчү кезексиз кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке ишкер Молдоярова Дамира Батыркуловнаны Кыргыз Республикасынын "Эмгек сиңирген ишкер" сыйлыгына сунушталсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын дайындап берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Тѳрага | У. Алмолдоев |
|
|