Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 9/4
Бирдик айылынын тургуну Майрамбек Ыбышовдун ысымын Бирдик айылындагы «Кашка-Жолго» берүү жөнүндө
Г. Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин депутаттары, сессияда жогорудагы маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирдик айылынын тургуну Майрамбек Ыбышовдун ысымы Бирдик айылындагы «Кашка-Жолго» берилсин.
2. “Кашка-Жолдун” Ат-Башы – Нарын авто жолу менен кесилишкен жеринен, Бирдик айылынын түштүк тарабындагы четки жолго кошулган жерине чейинки аралыгын карап, убагы менен талапка жооп бергидей кылып, кырып-түздөө жумуштарын аткарууга алуу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрайым | Г. Аттокурова |