Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-сентябры №49
Кара-Бак айылындагы мончонун жанындагы бош жаткан жердин генпланын бекитүү максатында Кара-Бак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылындагы мончонун жанындагы бош жаткан жердин чийилген чиймеси боюнча генпланы бекитилсин.
2. Жеке менчикке курулуш талаптарын сактоо менен 80 м2 чач тарач, 80 м2 даарыкана жана 60 м2 телеустакана объектерин салуу сунушу жактырылсын жана мыйзам чегинде тоорук өткөрүүгө макулдук берилсин.
3. Тийиштүү болгон иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Каламбеков |
|
|