Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-сентябры №57
Кара-Бак айылынын тургуну Бүткөзов Каныбектин Зардалы айылындагы 0,018га жери жер ээсинин арызынын негизинде айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке алууга жана энеси Бүткөзова Имигүлгө бекитип берүү максатында Кара-Бак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылынын тургуну Бүткөзов Каныбектин Зардалы айылындагы 0,018 га жери жер ээсинин арызынын негизинде айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Аталган 0,018га жерди 80 жылдан бери иштетип келген жалгыз бой энеси Бүткөзова Имигүлгө бекитип берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3.Тийиштүү болгон иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык Кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Каламбеков |
|
|