Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-сентябры №01-8/30
Шаардык мектептердин жаңы окуу жылына карата оңдоп түзөө иштеринин жасалышында жана техникалык базасынын абалын текшерүү учурунда бир топ жакшы даярдыктар болгону менен кээ бир кемчиликтердин бар экендиги дагы аныкталды.
Шаар аймагында 6 орто мектеп, 1 гимназия, 2 башталгыч, 4 мамлекеттик мектепке чейинки билим берүүчү мекемелери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бул билим берүү мекемелеринде 2017-2018- окуу жылында 5772 окуучу билим алып, 4 мектепке чейинки мекемелининде 1211 бала тарбияланып аларга 385 педагог, 39 тарбиячы билим тарбия берип келишкен.
Мектептердин 5 сү типтүү, 4сү ыңгайлаштырылып салынган. Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде окутуу орус жана кыргыз тилдеринде, калган мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде окутуу кызгыз тилинде жүргүзүлөт.
Шаардагы гимназия-жатак мектеби, Ж.Бөкөнбаев, В.И.Ленин орто мектептеринде кээ бир майда жетишпегендиктер болгону менен оңдоп түзөө иштери толук бүткөрүлүп, окуу жылына даяр болгон.
Ал эми №3 А.Имаров атындагы орто мектебинин полдору пластикаланып, дубалдарынын кээ бир жерлери гана акталганы менен калган класстык бөлмөлөр зал, каридорлор мурдагы бойдон турат. Мектептин жылытуу системасы көңүл жылытаарлык эмес. От жагуучу меш былтыркы бойдон тазаланбай , күлү менен кошо турат. Актоо, краскалоо иштери начар.
С.Айтматов атындагы орто мектептин абалы дагын начар абалда. Мектептин ички бөлүктүрү акталып, краскаланганы менен башка эч кандай иштер жүргүзүлгөн эмес. Мектептин электр жарыгы бүгүнкү талапка жооп бербейт. Ар бир класста бирден гана лампочка точкасы бар , ал дагы мугалим олтуруучу жерде. Бир да класста шам чырактар же болбосо заманбап жарык берүүчү лампалар жок. Кээ бир класстарда полдор, доскалар тешилип кеткен. Эшик терезелердин абалы да начар абалда. Мектептин айланасы иретке келтирилген эмес.
Кызыл-Жол орто мектебинде да кээ бир кемчиликтер орун алган. Класстардын полдору тешик абалда. Электрдик жабдуусу начар. Электр зымдары иретке келтирилген эмес. Өрт коопсуздугу (щит) эскирип талапка жооп бербейт.
Булак-Башы, Кызыл-Жол башталгыч мектептеринде да ремонт иштери болгону менен кемчиликтер али да болсо бар. Ал эми С.Огата орто мектебинде бүгүнкү күнгө кароолкана жок. таза суу жетишсиз, мектеп багындагы көчөттөр куурап жатат. Мектептин 17 компьютердин 2 өөсү гана иштейт, интернет жок.
2017-2018- окуу жылына карата мектептерди сапаттуу даярдоодо 9 мектепте оңдоп-түзөө иштери жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 425800 сом жана жергиликтүү бюджеттен 200 000 сом акча каражаты каралып, алар төмөнкүдөй болуп мектептер үчүн бөлүнүп берилген.
№ Мектептердин аталышы Республикалык бюджеттен (сом менен) Жергиликтүү бюджеттен (сом менен)
1 В.И.Ленин а.о.м. 128600 40000
2 Ж.Бөкөнбаев а.о.м. 136200 40000
3 А.Имаров а.о.м. 55400 20000
4 С.Айтматов а.о.м. 36900 25000
5 Кызыл-Жол о.м. 46700 25000
6 С.Огата а.о.м. 12500 10000
7 Кызыл-Жол башт.мек. 4300 10000
8 Булак-Башы башт.мек. 5200 10000
9 БШО гимназия жатак мектеби 20000
Бардыгы 425800 200000
Окуучуларга ысык тамак-аш уюштуруу иштери боюнча: Мектеп ашканаларын жабдуулар менен камсыздоо, башталгыч класстын окуучуларына ысык тамакты уюштуруу боюнча шаарда 1 мектеп БУУнун Бүткүл Дүйнөдүк азык-түлүк программасы жана 3 мектеп «Мерсико» уюмунун долбору менен өнөктөщтүктө иш алып барууда. Ал эми калган 4 мектепте (№3А.Имаров, С.Огата, орто мектептери, Кызыл-Жол, Булак-Башы башталгыч мектептеринде) 10 сомдук шашке тамагы берилип, учурда мектеп жетекчилери ысык тамак берүүнү пландаштырууда. Бардык билим берүү мекемелеринин ашканаларында атайын бурч каттоо, текшерүү журналдары уюштурулган. Санитардык-гигенаны сактоо боюнча мектеп администрациясы жана сан.эпид.станция тарабынан көзөмөлдөнүп турат.
Жалпы 1-4 класстын окуучуларына (2700 окуучу) 4млн 320 мин сом акча каражаты сарпталган.
Кызыл-Жол, С.Айтматов атындагы орто мектептердин ысык тамак уюштуруусу үчүн жергиликтүү бюджеттен 570000 сом акча каражаты жумшалган. Шаардагы орто мектептерди кышкы мезгилине даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 600000 сом көмүр үчүн которулуп берилген.
Баткен гимназия жатак мектебин өндөп-түзөө иштери жогорку деңгеелде жасалган. 2018-2019-жаңы окуу жылына карата мектепти оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 48380 сом, жергиликтүү бюджеттен 18000 сом акча каражаты бөлүнгөн. Өнүктүрүү фонду тарабынан мектептин М.Нургазыев көчөсү тарабындагы эскилиги жеткен, жараксыз абалдагы айнек терезелери 145 000сомдук заманбап пластик айнек терезелер менен алмаштырылган. Мектептин ичиндеги 453 кв.м жер 94231 сомго стяжкаланды. Окуу кааналардын оңдоп-түзөө иштерине, бригаданын эмгек акысына жалпы 58750 сом бөлүнгөн. жеке ишкер, мектептин бүтүрүүчүсү З.Сейтказыев тарабынан спорт аянтчасынын 350 кв.м жалпы суммасы 100 000 сом, беседканын айланасы 225 кв.м жалпы суммасы 50000 сомду түзгөн мектептин айланасы стяжкаланган. 20 жыл мурда мектепти бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрдүн демөөрчүлүгү менен беседка курулуп, анын жалпы суммасы 60000 сомду түзгөн. АБРдин колдоосу менен 6 кабинет класстын полдору, эшик-терезелери, жылытуу системасы, канализациялары оңдолуп, дубалдары кайрадан шыбалган.
В.И.Ленин атындагы орто мектебин оңдоп-түзөө: «Мерсико» уюму тарабынан 129015 сом, жергиликтүү бюджеттен 210000сом, жалпы 339015 сом каржыланып, 7 класстык каана заманбап пол паркет менен жабдылган.
Ата-энелер камкорчулар тарабынан 594750 сом акча каражаты топтолуп, анын 250000 сомуна 6 класстык кааналар пол паркет менен жабдылып, 64500 сом уста акысына берилген.
Жергиликтүү бюджеттен АЧД кабинетине 200 000 сом акча каражаты бөлүнүп заманбап кабинет жасалган.
Кышкы мезгилге карата көмүр менен камсыздоо боюнча: шаардын А.Имаров, Кызыл-Жол, С.Огата атындагы орто, Кызыл-Жол башталгыч мектептери көмүр менен жылытылат. Аталган мектептерге 140 тонна көмүр керектелет. 2018-2019- окуу жылынын кыш мезгилине жеке ишкер Камчыбек у Адилбек менен БК көмүрүн 1 кг басы 4,11 дан 140 тонна тендерден утуп алган. Азырынча мектептерге көмүр ташыла элек. Керектелүүчү көмүрлөр мектептер үчүн төмөнкүдөй болуп бөлүштүрүлөт.
-А.Имаров а.о.м. 91,5 тонна
-Кызыл-Жол о.м. 18 тонна
-С.Огата а.о.м. 18 тонна
-Кызыл-Жол б.м. 12,5 тонна
Бардыгы 140 тонна
Клган мектептер жылытуу системасы менен жылытылат. Жылытуу сиситемалары бар мектептер жана көмүр менен жылытылуучу ментептердин кышкы мезгилге от казандары толугу менен даяр.
Мектептердин техникалык базасы боюнча: шаардагы В.И.Ленин, Ж.Бөкөнбаев, Кызыл-Жол,С.айтматов, А.Имаров атындагы орто мектептер интернет түйүндөрү менен туташтырылып жергиликтүү бюджеттен каржыланып келет. Мындан тышкары окуу китептери жана техникалык каражаттар менен төмөнкүдөй камсыздалган.
Шаар боюнча жалпы %
Окуу китептери менен камсыздоо % Усулдук колдонмолор менен камсыздоо % 2018-жылы берилген компьютерлердин саны 2018-жылы интернет мектептердин саны
Кыр.мект-78 %;
Орус.мект-64% Кырг.мект-60%;
Орус мект-56 % Кырг.мект -11
Орус.мект-8 Кырг.мект-0
Орус.мект-0
Окуу китептери боюнча: шаардык билим берүү мектептеринде жалпысынан окуу китеби 39646 даана.
Окуу китептердин системалаштыруу жана каттоо: Жаны окуу китептерин кабыл алуу: 2017-2018-окуу жылдарында 724410 сомдук, 7307 даана 11 аталыштагы окуу китептери келип, мектептерге таркатылган.
Жетишпеген кадрлар: 3 дене тарбия, 1 башталгыч класстын мугалими, 2 музыка мугалими.
Шаар аймагындагы 8 мектептин ичинен 5 мектепте спорт зал аянтчалары менен ал эми калган мектептерде спорт аянтчалары бар. Буларга оңдоп түзөө иштери жүргүзүлдү.
Шаардын мектептеринде өрткө каршы баллон (огнетушитель) менен камсыз болунган. Эвакуацияоо пландары чыгарылган.
№3 А.Имаров орто мектебинде 6 өрткө каршы блан бар (огнетушитель), анын ичиненен экөөсү иштебейт. В.И.Ленин а.о.м. 6 өрткө каршы балону иштебейт, суу көлмөсү (пожарный водоем) жана өрткө каршы баллон түтүкчөсү (пожарный гидрант) жок.
Электр тармагы боюнча:
№3 А.Имаров, Ж.Бөкөнбаев, Кызыл-Жол орто мектептери электр чубалгыларына (КАП) ремонт жүргүзүү керек.
В.И.Ленин, С.Айтматов орто мектептери көмөкчү чордондорунун кабельдерин алмаштыруу зарыл.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын аймагындагы орто мектептеринин техникалык базасы жана оңдоп түзөө иштери, ар жыл сайын өз убагында заманбап, техникалар менен камсыздоо менен оңдоп түзөө иштерин жогорку деңдеелде жасоо үчүн керектүү каражаттар жергиликтүү бюджеттен жеткиликтүү каражат бөлүштүрүлсүн.
-бөлүштүрүлгөн каражаттар мектептин ал абалына карата бөлүштүрүүнү шаар мэриясы /М.Рахимов/ эске алышсын.
2. Шаардагы башка мектептерге салыштырмалуу жаңыдан типтүү базада курулуп пайдаланууга берилгендигине карабасатан №3 А.Имаров мектебинин оңдоп түзөө иштерин талапка ылайык жасабагандыгы жана жетекчилик жоопкерчилигин жеткиликтүү аткарбагандыгы үчүн мектеп директоруна чара көрүү менен кийинки сессияда маалымат берүү жагы шаар мэриясына /М.Рахимов/ тапшырылсын.
3. Шаардык метептердин теңникалык базасын жакшыртып заманбап техникалар менен камсыздоо үчүн жарым жылдыктын жыйынтыгы менен сунуштарын берип туруу жагы шаардык билим берүү бөлүмүнө, шаар мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык жактан өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергенов тапшырылсын.
Тѳрага | А.Ташбеков |
|
|