Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-сентябры №01-8/31
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментин Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин жалпы аянты жалпы аянты 469,0 га анын ичинен сугат айдоо жери – 268,0 га, кайрак жери – 77,0 га, көп жылдык бак – 124,0 га анын ичинен мөмөлүү бак – 101,0 га ал эми ар түрдүү бактар – 23,0га.
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаменти тарабынан кайра бөлүштүрүү фондунун 344,3 га жери келишимдин негизинде ижарага берилген ал эми калган 124,7 га жер ижарага берилген эмес. Анын ичинен 68,5 га жер сугат айдоо жер, 43,0 га кайрак жер ал эми 13,2 га жер көп жылдык бак.
Ижарага берилбеген 124,7 га жерлердин ижарага берилбей калгандыгы, сугат айдоо жерден 68,5 га жер булл жерлердин 54,0 га жери Баткен шаарындагы аэропорттун коргоо зонасына кирип калгандыгы болуп саналат. Ал эми калган жерлер Кызыл Жол кварталынан 4,9 га жер (Кызыл Бел участкасында), Булак Башы кварталынынан 2,5 га жер жана Баткен –Кызыл Бел жолундагы 2,8 га жерлер суу жоктугунан жана жер кыртышы начар болгондуктан ижарага берилбей калган. Ошондой эле 2,8 га жер Манас паркынын ал эми 1,5 га жер Булак Башы мектебинин орду болгондуктан ижарага берилген эмес. 43,0 га кайрак жер климаттык шарттарга байланыштуу эгин эккенге мүмкүн болбогондуктан ижарага берилбей турат. Ал эми 13,2 га көп жылдык бактардан Баткен – Исфана жана Баткен – Кара Бак авто жолдорунда жолду оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу ижарага берүү токтотулган.
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин жер кыртышын, асылдыуулугун сактоо ижарачыларга келишим түзүлгөн мезгилде кошо милдеттендирилип берилет. Жер кыртышын жакшыртуу үчүн ижарачылар да мүмкүнчүлүгүнө ылайык жерге жер семирчиктерди жылына бир жолу салып, камыш баскан жерлерге камышты жоготуучу каражаттарды пайдалануу менен камыштын да азайуусун колго алып жатышат.
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин ижарадан жылдык план 1069271 сом болсо 2018-жылдын 1- августуна карата жыйылган акча каражаты же ижара акылары 669170 сом жергиликтүү бюджетке түшүрүлгөн. Баткен шаарынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу жөнүндө Баткен шаардык Кеңешинин Муниципалдык менчик, айыл чарба, агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Баткен шаарынын алдындагы Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү иштери жолго койулгандыгы белгиленсин.
2. Баткен шаарынын Кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилбей калган 124,7 га жерлерин ижарага берүүнү жол жоболоштурууну колго алуу жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Ижарага берилген жерлердин ижара акыларын жыл жыйынтыгы менен планды аткаруу жагы Муниципалдык менчик департаментине эскертилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Муниципалдык менчик, айыл чарба, агрардык жермаселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы /А.Пинназаровго / тапшырылсын.
Тѳрага | А.Ташбеков |
|
|