Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-сентябры №01-8/33
Баткен шаарынын 2018-жыл ичинде социалдык жактан өсүп өнүгүүсүнө жасалып жаткан иш аракеттерди колдоо максатындагы шаар мэриясынын, шаардык мекеме ишканалардын кайрылуусун жана шаардык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 7-августундагы отрумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн 2018-жылга каралган иш чараларды аткаруу максатында ММД 2018-жылга каралган сметасынын 3-кварталындагы 2215 статьясынан 3111 (имараттарды куруу) статьясына 500 000 сом, 3112 (эмеректерди сатып алуу) статьясына 500 000 сом жана атайын счеттогу сметанын 2215 (ар түрдүү чыгымдар) статьясында каралган 1000 000 сомдун 200 000 сомун 3111 (имараттарды куруу) статьясына, 300000 сому 2222 (учурдагы чарбалык сатып алуулар) статьясына жылдырылууга макулдук берилсин.
-Муниципалдык менчик департаментинин 2018-жылга каралган сметасынын III кварталынын 2215 «Дагы башка кызмат көрсөтүүнү сатып алуу» статьясынан 220200 сомго, 2231 «Электр энергиясын сатып алуу» статьясынан 150100 сомго кыскарып, 2111 «эмгек акы» статьясына 264700 сомго, 2121 «социалдык фондко чегерүүлөр» статьясына 45600 сомго 2211 «Иш сапар чыгымдар» статьясына 60000 сомго көбөйтүлүп берилсин.
2. Шаардык жайыт комитетинин 2018-жыл үчүн 3-кварталына 120,0 мин сом түшүрүлгөндүктөн жайыт комитетинин 2018-жылдын 3 кварталынын киреше жагы 120,0 мин сомго көбөйтүлүп, чыгыша жагы да 120,0 мин сомго: 20,0 мин сом «иш сапары» чыгымдарына, 30,0 мин сом «Эмгек акы» статьясына, 30,0 мин сом «салыктар төлөмү» статьясына чегерилүүгө уруксат берилсин.
3. КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 «2018-2025-жылдарга калктуу
конуштардын башкы планын иштеп чыгуу» токтомунун 2-пункутуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кызмат көрсөтүүсүнө төлөө максатында, Өкмөттөн бөлүнүп берилген 5 миллион акча каражаты ММД киреше жагына 2215-статьясына кириштөөгө маккулдук берилсин.
4. Шаар мэрисынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2018-жылдын III кварталынын 2215 –статьясынан 150 000 сом кыскартылып, шаардык маданият бөлүмүнүн 2018-жылдын III кварталынын 2215 статьясына 150000 сом Бүткүл Дүйнөлүк Ш көчмөндөр оюнуна барып келүүгө кошумча каражат бөлүнүп берилсин.
-шаардык маданият бөлүмүнүн 2018-жылдын 4 кварталынын 2215 «Ар түрдүү чыгымдар» статьясынан 100 000 сом кыскартылып, 3 кварталдын 2215 статьясына «Ар түрдүү чыгымдар» 100 000 сом жылдырылып берилсин.
5. Шаар мэриясынын 2018-жылдын 4 кварталынын «Иш сапары чыгымдары» статьясынан 50900 сом кыскартылып, 3-кварталдын «Иш сапары чыгымдары» статьясына 50900 сом, 3112 «Машина жана эмеректер» статясынын 3 кварталынан 50900 сом кыскартылып, 4 кварталдын 3112 «Машина жана эмеректер» статьясына 50900 сом кошулуп берилсин.
-ММДнин 3 кварталынын 3111 «здания сооружения) статьясынан 51600 сом кыскартылып, шаар мэриясынын 22112 «Чет өлкөгө иш сапарына чыгашалар» статьясына 51600 сом бөлүнүп берилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдык майрамын Баткен шаарынын борблрунда уюштуруп өткөрүү үчүн көргөзмө конкурстардын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык берүү максатында, ММД 2018-жылдын 3 кварталындагы «Ар түрдүү чыгымдар» статьясынан 10000 сом кыскартылып, шаардык маданият бөлүмүнүн 2018-жылдын 3 кварталынын «Ар түрдүү чыгымдар» статьясына 10000 сом кошулуп берилсин.
7. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин III кварталынын, 2215 « Ар түрдүү чыгымдар» статьясынан 32000 сом кыскартылып, Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн III кварталынын 2111 «Эмгек акы» статьясына 32000 сом кошулуп берилсин.
8. Баткен шаардык социалдык өнүгүү башкармасынын 2018-жылдын 1-октябрынан баштап республикалык каржылоого өткөндүгүнө байланыштуу бекитилген бюджеттик сметалары төмөнкүдөй статьядан статьяга жылдырылууга макулдук берилсин.
-2018-жылдын III кварталы үчүн каралаган 2121-«социалдык фондко чегерүү» статьясынан 90,2 мин сом, 2212 «байланыш үчүн төлөм» статьясынан 5,6 мин сом, 2215 «ар түрдүү чыгымдар» статьясынан 8,0 мин сом, 2222 «чарба буюмдары» статьясынан 7,5 мин сом, 2231 «коммуналдык чыгымдар» статьясынан 5,0 мин сом статьялар кыскартууга, 2111 «эмгек акы» (компенсация төлөөгө) 46,1 мин сом кошулууга макулдук берилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Ташбеков |
|
|