Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры №3
Кара-Коюн айыл аймагында 2018-жылга карата айдалып-себилип дан эгиндеринин жалпы аянтынан чөпкө чабылган аянттарды статистикалык отчеттон чыгаруу тууралуу талкуулап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл аймагында 2018-жылга карата айдалып-себилген 200га арпа аянтынан, 80га аянты чөпкө чабылгандыгы белгиленсин.
2. Дан эгиндеринин жалпы аянтынан чөпкө чабылган 80га жер аянтын статистикалык отчеттон чыгаруу жагы Ат-Башы райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн статистика-жер жана айыл чарба адиси Т.Улукмановго тапшырылсын.
Тѳрага | Ш. Апысов |