Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры №5
Т.Жээналиев 1959-жылы облустук комсомол комитетинин жолдомосу менен ички иштер органына кирген. Көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн СССРдин ИИМнин “Эмгек сиңирген кызматкери” төш белгиси, 1977-жылы СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен “Эмгек Кызыл Туу” ордени, 2003-жылы III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган. 1984-жылы милициянын генерал-майору наамы ыйгарылган.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Мыйзамынын 18-беренесинин 13-пункттуна, 31-беренесинин 5-пункттуна жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын катынын негизинде, «Муниципалдык менчик, жер, турак-жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунунан биринчи жолу милициянын генерал-майору наамын алган, ички иштер органдарында элүү жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенген Жээналиев Токтожума Жээналиевичтин эстелик-бюсттун Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдына орнотууга макулдук берилсин.
2. Т.Жээналиевдин эстелик-бюстун орнотуу, постаментин куруу жана ал жердеги аймакты жашылдандыруу-көрктөндүрүү чараларын көрүү жагы облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлсүн.
3. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдынан жер аянтын аныктап берүү жагы Нарын регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан ишке ашырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура курулуш, отун, энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Тѳрага | Ж. Ботоканов |