Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры №6
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына, Нарын троллейбус ДЭПОсунун Уставынын 25 пунктуна, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы тиешелүү туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун чечимине ылайык Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Д.Курмановдун маалыматын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын троллейбус ДЭПОсунун финансылык каражатын колдоо максатында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташуудагы эксплуатациялык чыгымдарын эске алуу менен жол кире билетинин бир айлык наркын баардык жүргүнчүлөр үчүн (чоңдор, студенттер, 4-класстан жогорку окуучулар үчүн) ай сайын 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Нарын шаарында коомдук троллейбуста жүргүнчүлөрдү ташууда жол кире билетинин үлгүсү тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Жол кире билетин жазатууну жана сатууну Мыйзамга ылайык жүргүзүү Нарын шаардык мэриясына жана Нарын троллейбус ДЭПОсуна жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж. Ботоканов |
Тиркеме
Нарын шаарында коомдук троллейбуста жүргүнчүлөрдү ташууда жол кире билетинин үлгүсү