Редакцияот 31.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

 

2018-жылдын 31-октябры №11 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин карамагына «Газпром-балдарга» ден соолукту чыңдоо борборун өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Нарын шаарындагы «Газпром-Кыргызстан» ЖЧКсы тарабынан «Газпром-балдарга» программасынын алкагында курулуп бүткөн ден соолукту чыңдоо борборун оперативдик башкаруу укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан ден-соолукту чыңдоо борборунун техникалык жактан тейлөө кызматкерлеринин штаттык бирдиктерин чечүүдө, алардын эмгек акыларына жана коммуналдык тейлөөгө кеткен чыгымдарын эске алуу жагы белгиленсин.

3.         Сессиянын токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине жиберилсин. 

Тѳрага

Ж. Ботоканов