Загрузка документа…
БЕДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-декабры №55
Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 15-сентябрь 2016-жылдагы №176 сандуу буйругунун негизинде, Бердике Баатыр айыл аймагынын 8-декабрь 2016-жыл №116 сандуу буйругунун негизинде “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Бердике Баатыр айыл аймагынын Козучак, Арашан, Кумарык калктуу конушунун чек арасын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып, Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кенешинин VII–чакырылышынын кезектүү №13 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Бердике Баатыр айыл аймагынын Козучак, Арашан, Кумарык калктуу конушунун чек арасын тактоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бердике Баатыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Алымбеков |
|
|