Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-июну №15/57
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агентигинин Нарын аймактык бөлүмүнүн 22.05.2018-жылдагы № 19-19-кызматтык катынын негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-КүңгөйҮкөк-Суу “ СПАсына “ Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак ашты жакшыртуу ” долбоору аркылуу, ички чарбалык сугат тармактарын калыбына келтирүүгө жумуштарына жумшала турган каражаттын жалпы суммасынын 25 % ин, мамлекеттик бюджетке өз убагында кайтарып берүүгө берилген Кош-Дөбө айыл аймагынын 14.03.2018-жылдагы № 42 кепилдик кат жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агентигинин Нарын аймактык болүмүнүн 22.05.2018-жылдагы № 19-19-кызматтык катынын негизинде бериле турган маалыматтарды өз убагында тапшыруу жагы СПАнын башчысы М.Шаршеналиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ырысбек Бектен |
|
|