Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-ноябры №4-4
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиеванын билдирүүсүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 токтомунун негизинде, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Максатка ылайыктуулугунан жана негиздүүлүгүнөн келип чыккан , ошондой эле жергиликтүү маанидеги иштер боюнча функцияларын бөлүштүрүү боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүндөгү жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча эки башкы адистин штаты, төмөндөгүдөй кайрадан түзүү жагы сунушталсын :
1. Жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис.
2.Инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис.
2. Кыргыз Республикасынын Кадр кызматынын түндүк аймактык өкүлчүлүгү менен макулдашуу, тиешелүү конкурстарды өткөрүү жана фукционалдык милдеттерди иштеп чыгуу жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Ыдырысов |
|
|