Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры №10/1
«Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана бюджетинин долбоорун 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө»
Кыргыз Ресапубликасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана бюджетинин долбоорун 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан сунуш кылынган көрсөткүчтөрдү карап чыгып, Жаңы-Арык айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн долбоору 2018-жылга 14355,3 миң сом , анын ичинен атайын каражаттар 1816,0 миң сом , 2019-жылга жана 2020-жылга бекитилсин.
2. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жайыт жеринин бюджети киреше бөлүгү 230,0 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 154,0 миң сомго жана башка транспорт каражаттарын сатып алуу үчүн 700,0 сом акча каражаты Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн бюджетинен бекитилсин .
3. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн аппарата иштеген кызматкеринин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-август № 451 Токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 26, анын ичинен 3 айыл башчылардын штат бирдиги (эмгек акысы жетектөөчү-адис коэфциентинде бекитилсин), кенже кызматкерлер 3 штат бирдиги бекитилсин жана чинге карата кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин.
4. 2018-жылга бекитилген бюджети аткарууда Жаңы-Арык айылдык окуругу жыл ичинде ФЭБ башчысы Т.Абдибаитовага бюджетке өзгөртүүлөрдү,толуктоолорду киргизүү укугу берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж.Осумбеков |
|
|