Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-августу №13/3-1
Жаңы-Арык айылдык кенешине келип тушкон «Жаңы-Арык» айылындагы шайлоочулардын – талабынын жана арыздарынын негизинде балдар бакчасынын ачуу боюнча арыз – даттануулардын карап жана талкуулап чыгып Жаңы-Арык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Жаңы-Арык» айылында шайлоочулардын – талабын жана арыздарын канаттандыруу максатында жеке менчик үйгө балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2.«Жаңы-Арык» айылындагы балдар бакчасына чыгымдалуучу чыгымдыр келишимге ылайык айыл өкмөтүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
3.«Жаңы-Арык» айылында шайлоочулардын – талабынын негизинде ачылуучу балдар бакчасы үчүн жеке менчик үй ээси менен ижара келишимин түзүү жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.«Жаңы-Арык» айылында ачылуучу балдар бакчасы үчүн штат бирдиктерин чечип беруу жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | Ж. Осумбеков |