АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-январы № 3/1
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо жөнүндө
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын мыйзамда белгиленген көпчүлүк добушка ээ болгон Кайыпов Жеӊишбек Өмүрович Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүн шайлоо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын «Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык мыйзамдуу өттү деп таанылсын.
Төрайым | Г. Аттокурова |