ТоктомКүчүндө

Айдаралиев айылдык кеңешинин 2015-жылдын 09-декабрындагы №27 «Айылдык кеңештин иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө» токтому

Редакция09.12.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айдаралиев айылдык кеңешинин сессиясы

 

2015-жылдын 09-декабры №27

Айылдык кеңештин иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамына ылайык (КР нын тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш чаралар жөнүндөгү жарлыгын аткарууда  айыл аймактык кеңештин иш кагаздарын мамлекеттик тилде) жүргүзүүнү карап чыгып Айдаралиев айыл кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айдаралиев айыл аймагында жашаган жарандар  дээрлик баардыгы  кыргыз тургундары болгондуктан айылдык кеңештин иш кагаздары мамлекеттик тилинде (кыргыз тилинде) жүргүзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин катчысы Э.Батыровага милдеттендирилсин.

Тѳрага

Ч. Айдаров