Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-июлу №79
Күн тартибиндеги маселе боюнча Өмүралиев айылдык аймагынын Манас айылынын тургуну Жузуп уулу Тилекбердинин арызын карап чыгып, талкуулап Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын он алтынчы кезексиз кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айылдык аймагынын Манас айылынын тургуну Жузуп уулу Тилекбердинин өзүнүн огородуна тиешелүү жерге вулканизация ачуу жөнүндө жазган арызы канааттандырылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага | У. Алмолдоев |
|
|