Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-июлу №81
Күн тартибиндеги маселе боюнча АРИС долбоорунан жайыт комитетине келген 72 миӊ долларлык гранттык акча каражатын капташ жана көпүрө салууга бөлүштүрүлгөн акча каражатын талкуулап, 2018-жылдын 28-июнундагы жалпы элдик жыйындын негизинде көпүрө салына турган 1 млн 123,900 миӊ сомуна айыл чарба жана атайын техникаларды алууга 25% өздүк салымын төлөө үчүн Өмүралиев айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын он экинчи кезексиз кеӊешмесинин 2018-жылдын бекитилген бюджетинин № 48 токтомуна ылайык 13-пунктунун негизинде бир тармактан экинчи тармакка беренеден беренеге,чейректен чейрекке жылдыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 28-июнундагы жалпы элдик жыйындын негизинде көпүрө салына турган 1млн 123,900 миӊ сомуна техника алууга 25% өздүк салымын төлөө үчүн Өмүралиев айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын он экинчи кезексиз кенешмесинин 2018-жылдын бекитилген бюджетинин № 48 токтомуна ылайык 13-пунктунун негизинде бир тармактан экинчи тармакка беренеден беренеге, чейректен чейрекке жылдырылып,өздүк салымы төлөнсүн.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана бир тармактан экинчи тармакка беренеден беренеге, чейректен чейрекке жылдырылып,өздүк салымын төлөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Тѳрага | У. Алмолдоев |
|
|