Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-июлу № 82
Күн тартибиндеги маселе боюнча АРИС долбоорунан жайыт комитетине келген 72 миӊ долларлык гранттык акча каражатынан Беш Булак жана Айылчы Булак өзөнүндөгү булактардагы капташтарды капиталдык ремонттон өткөрүүгө бөлүнгөн 1107800 сом акча каражатынын 5% пайыз өздүк салымын төлөө үчүн Өмүралиев айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын он экинчи кезексиз кенешмесинин 2018-жылдын бекитилген бюджетинин № 48 токтомунун негизинде Чатбазар айылындагы Эр Солтоной атындагы спорт залды капиталдык ремонттон өткөрүүгө бөлүнгөн 150 миӊ сом акча каражатын токтотуп, жогоруда көрсөтүлгөн капташтарды капиталдык ремонттон өткөрүүгө 5% пайыз өздүк салымын төлөп берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл аймагынын жайыт комитетине келген 72 миӊ долларлык гранттык акча каражатынан Беш Булак жана Айылчы Булак өзөнүндөгү булактардагы капташтарды капиталдык ремонттон өткөрүүгө каралган 1 107800 сом акча каражатынын 5% пайыз өздүк салымын төлөө үчүн Өмүралиев айылдык кенешинин VII-чакырылышынын он экинчи кезексиз кеӊешмесинин 2018-жылдын бекитилген бюджетинин № 48 токтомунун негизинде Чатбазар айылындагы Эр Солтоной атындагы спорт залды капиталдык ремонттон өткөрүүгө бөлүнгөн 150 миӊ сом акча каражатын токтотуп, жогоруда көрсөтүлгөн капташтарды капиталдык ремонттон өткөрүүгө 5% пайыз өздүк салым төлөнүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Тѳрага | У. Алмолдоев |
|
|