Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-октябры №14/2
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексине» ылайык «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун 2018-жылдын 10-октябрындагы отурумунун № 5 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылдын 6 айындагы аткарылышы жөнүндөгү маалымат эске алынсын.
2. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен бюджеттин киреше бөлүгүн Мыйзамдарда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө тактоо иштерин жүргүзүү жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча ишти дайыма көзөмөлдөп туруу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары Р. Мейматкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |