Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-январы № 3-3
АРИС программасы тарабынан жарыяланган конкурск шарттарын камсыздоо жөнүндө
АРИСтин ПСИ-3 долбоору боюнча жарыяланган конкурс шарттарын камсыздоо үчүн долбордун жалпы баасын эң аз дегенде 3,75 % камсыздоо талап кылынат. АРИСтин ПСИ-3 долбоорунун талаптарын аткаруу максатында Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мирмахмудов айыл өкмөтү тарабынан АРИСтин ПСИ-3 долбоорунун конкурсуна катышуу иштери уюштурулсун.
2. Мирмахмудов айыл өкмөтү тарабынан долбоордук сунуш даярдалсын, Капчыгай баштагыч мектебинин имаратын куруу долбооруна жергиликтүү бюджет эсебинен 921,000 (тогуз жүз жыйырма бир миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджет эсебинен каралсын.
3. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Исмоилов |