Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-октябры №14/5
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын негизинде жана Өзгөн шаардык кеңешинин регламентине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине сунушталган маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинде коалиция түзбөстөн иштөөгө макулдук берилсин, сессияларга сунушталган маселелер Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык каралсын.
2. Өзгөн шаардык кеңеши тарабынан бекитилген туруктуу комиссиялардын курамы өзгөрүүсүз калтырылсын.
3. Өзгөн шаардык кеңешинин иш-планындагы жана мыйзамга ылайык туруктуу комиссиялардын отурумдарында каралуучу маселелерди өз мөөнөтүндө карап, тийиштүү маселелерди сессияга сунуштоо туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |