Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-октябры №14/6
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департмаментинин катынын негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын «Жаңы-Турмуш» кварталында курулган Үч-Дөбө АКБ реконструкциялоодо негизги магистралындагы 264 пм суу түтүгүн капиталдык оңдоо, «Таштак» кварталынын жаңы конуштарына 1269 пм суу түтүгүн тарттыруу, Улукбек кварталындагы А.Навои көчөсүнө түнкү чырак орнотуу, «Жаңы-Өзгөн» кварталындагы Заречная, С.Акматов, Кара-Шоро көчөлөрүнө түнкү чырак орнотуу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Өзгөн Таза-Суу муниципалдык ишканасынын МММБ департаментинин атайын каражаттар эсебине которулган 378306 сом өздүк салымын МММБ департаментинин атайын каражаттар эсебинен жогорудагы долбоорлорго каржылоого макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн каражатты мыйзамга ылайык жана максаттуу каржылоо жагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н.Абдурахмановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |