Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-октябры №14/7
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдагы титулдук тизмеден жана башка иштерден үнөмдөлгөн 895,1 миң сом акча каражатынын эсебинен 350,0 миң сом акча каражатын Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу балдардын билим берүү борборуна ажаткана куруу үчүн каржылоого макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн каражатты мыйзамга ылайык каржылоо жагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н. Абдурахмановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |