Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-июлу №17/1
Чалма айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун тактоо боюнча Чалма айыл аймагынын 2018- жылынын теке айынын 30 дагы №63-буйругунун негизинде бекитилген «Кыргызмамжердолборлоо» мамлекеттик инистутунун республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Чалма айылдык аймагынын Токбай-Талаа, Буйга калктуу конуштарынын жана Орто-Талаа, Коңурат участокторунун чек араларын белгилөө долбоору боюнча материалдарын карап чыгып, Жер Кодексинин 18- беренесинин 4-пунктуна ылайык Чалма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча «Кыргызмамжердолборлоо» мамлекеттик инстутунун республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары жактырылсын.
2. Чалма айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча боюнча «Кыргызмамжердолборлоо» мамлекеттик инистутунун республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө сунушталсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер, жерге жайгаштыруу жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси А.Балтабаевке милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Кадыркулов |
|
|