ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2018-жылдын 26-сентябры №18/1
Чалма айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2018-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч. Алишовдун отчету
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Чалма айыл өкмөтүн социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2018-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун отчетун угуп жана талкуулап.Чалма айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2018-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч. Алишовдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовго:
- айыл өкмөтүнүн аймагын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык жана социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;
- айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алуу;
- жамааттык топтор, өз ара жардамдашуу топтору, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен терең байланышта иш алып баруу;
- калкты таза суу. сугат суу менен камсыз кылуу, жайыттарды жөнгө салуу жана сарамжалдуу пайдалануу:
- муниципалдык. социалдык обьектилердин өз денгээлинде күтүлүшүнө көнүл буруу
- калктын аярлуу катмары аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жардамдашуу маселелерин жөнгө салу;
- ички жолдорду, көпүрөлөрдү тартипке келтируу сыяктуу маселелерди колго алуу жактары эске салынсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кеӊешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Кадыркулов |
|
|