Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-августу №6
№18 М.Молдалиев атындагы орто мектептин спорт аянтчасын (стадионун) оңдоп-түзѳѳ, абалын жакшыртуу максатында мектеп директору К.Шерматованын кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К. Шерматованын кайрылуусу эске алынсын.
2. №18 М. Молдалиев атындагы орто мектептин спорт аянтчасын (стадионун) оңдоп-түзѳѳ, абалын жакшыртууга, жаш ѳспүрүмдѳрдү дени сак жашоого үндѳѳ максатында 400 000 (тѳрт жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүүбюджеттин эсебинен тѳлѳнүп берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде төлөп берүү жагы айыл Ѳкмѳттүн Финансы жана Экономика бѳлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Спорт аянтчасынын (стадиондун) оңдоп-түзѳѳ иштерин сапаттуу бүткѳрүлүшүнѳ кѳзѳмѳлдүк кылуу жагы айыл Ѳкмѳт башчысы Э. Маматаевке жана мектеп директору К.Шерматовага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Финансы, бюджет, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын тѳрагасы О. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Тѳрага | К. Осконбаев |
|
|