Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 42-1
Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаар кеңешинин, Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жана Ноокат шаардык мэриясынын билим берүү тармагынын борбордук бухгалтериясынын штаттык бирдиктеги белгиленген бир айлык эмгек акынын эки айлык өлчөмүндө материалдык жардам катары берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү №75 мыйзамдын 31-беренесинин 10-бөлүгүнө негиз Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаар кеңешинин, Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жана Ноокат шаардык мэриясынын билим берүү тармагынын борбордук бухгалтериясынын штаттык бирдиктеги белгиленген бир айлык эмгек акынан эки айлык өлчөмүндө материалдык жардам берүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын 2017-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен штаттык бирдиктеги белгиленген бир айлык эмгек акысынан эки айлык акы өлчөмүндө материалдык жардам ажыратылып берилсин:
-Ноокат шаар мэриясына жана Ноокат шаар кеңешине:
-701-бөлүмдүн -2111 эмгек акыга 456,6 миң сом;
-2121 соц. фонду 78,8 миң сом;
-Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине:
-706-бөлүмдүн -2111 эмгек акыга 121,8 миң сом;
-2121 соц. фонду 21,0 миң сом;
-Ноокат шаардык мэриясынын билим берүү тармагынын борбордук бухгалтериясына:
-709-бөлүмдүн -2111 эмгек акыга 21,8 миң сом;
-2121 соц. фонду 3,8 миң сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |