ТоктомКүчүндө

Бүргөндү айылдык кеңешинин 2018-жылдын 02-февралындагы №1 «Бүргѳндү айылдык кеңешинин 2017-жыл ичиндеги иш-планынын негизинде ѳткѳрүлгѳн жыйындары жана аткарган иштери жѳнүндѳ» токтому

Редакция02.02.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

 

2018-жылдын 02-февралы №1

Бүргѳндү айылдык кеңешинин 2017-жыл ичиндеги иш-планынын негизинде ѳткѳрүлгѳн жыйындары жана аткарган иштери жѳнүндѳ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин 2017-жыл ичинде иш планынын негизинде ѳткѳргѳн жыйындары жана аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамынын 4-бѳлүмүнүн, 31-беренесинин 10-пунктуна ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бүргөндү айылдык кеңешинин 2017-жыл ичинде иш-планынын негизинде ѳткѳргѳн жыйындары жана аткарган иштери жѳнүндѳ айылдык кеңештин тѳрагасы Т.Асанбаевтин маалыматы эске алынсын.

2. Бүргөндү айылдык кеңештин 2017-жыл ичинде иш планынын негизинде ѳткѳргѳн жыйындары жана аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.

3. Бүргөндү айылдык кеңешинин 2017-жыл ичинде аткарган иштеринин кээ бир кемчилдиктерин четтетүү жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин тѳрагасы Т.Асанбаевке жүктѳлсүн.

4. Айылдык кеңештин ишин дага жаңы деңгээлге кѳтѳрүү жагы айылдык кеңештин тѳрагасы Т. Асанбаевке милдеттендирилсин.

5. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Токтомдун аткарылышы Т.Асанбаевке жүктѳлсүн.

Тѳрага

Т. Асанбаев