БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2018-жылдын 02-февралы №3
Бүргөндү айыл аймагынын Ардактуу Атуулу наамын ыйгаруу жана мамлекеттик сыйлыктарга кѳрсѳтүү-сунуштоо боюнча Жобону бекитүү жөнүндө
«Бүргѳндү айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жана мамлекеттик сыйлыктарга кѳрсѳтүү-сунуштоо боюнча айылдык кеңештин сунушун карап жана талкуулап, даярдоо, аткаруу наамды ыйгаруу үчүн калыстыкты сактоо максатында топтолгон материалдарды угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн, 37-беренесинин, 8-пунктуна ылайык Бүргөндү айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын ХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жана мамлекеттик сыйлыктарга кѳрсѳтүү-сунуштоо боюнча Жобосу бекитилсин.
2.»Ардактуу Атуулу» наамды ыйгаруу үчүн бекитилген Жобонун талаптарын аткаруу Бүргѳндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартип, депутаттык иш, регламент, этика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктѳлсүн.
3.«Бүргѳндү айыл аймагынын Ардактуу Атуул» тѳш белгисинин эскизи бекитилсин.
4.Бул токтом Ноокен райондук «Ноокен Жаңырыгы» гезитине жана райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5.Токтомдун аткарылуусун уюштуруу жана камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко жүктѳлсүн.
6.Токтомдун аткрылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, регламент, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Сейталиевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Асанбаев |
|
|